Добро пожаловать на сайт Ассоциации лесо и землепользователей Кыргызстана. Основной целью деятельности Ассоциации является содействие созданию условий для устойчивого природопользования и развития предпринимательской деятельности в лесном и сельскохозяйственном секторе.

Новости

2015-02-27

Ассоциация тарабынан Ысык-Көл аймагында да алгылыктуу иштер жасалууда.

 Алдыга коюлган иш пландары­бызга ылайык Ассоциациянын мүчөлөрү аркылуу долбоорлор да­ярдалып, алардын ичинен Тоң районунун Көк-Мойнок-2 айылында жайгашкан «Байтүгөл» жамааты Ассоциациянын негизги өнөктөшү болгон Норвегия токой тобу тарабынан кар­жыланып, долбоору ишке ашырылды. 2010- жылы «Байтүгөл» жамааты Көк-Мойнок-2 айыл аймагында уюшулган. Жамаатты Көк-Мойнок-2 айылынын тургуну Абдылдаева Бактыгүл жетектейт. Жамаат түзүлгөнгө чей­ин эле Бактыгүл эжебиз өзүнүн өмүрлүк жары Орозалиев Талант менен биргеликте кыр­гыздын улуттук буюмдарын жасап, Бишкек жана Алма-Ата шаарларына алып барып са­тып жүргөн. Айылда Бактыгүл эжеге окшо­гон колунан узу төгүлгөн кыз-келиндердин бош жүргөнү, жумуш табуу кыйынчылыктар­га тураары Бактыгүл эжени түйшөлтүп кел­ген. Жамаат түзүү Бактыгүл эженин демилге­си болгону менен, аны ишке ашыруу оңойго турган жок. Жамаатка кирген адамдарга жу­мушчу орундарын түзүп берүү, сырье даярдоо, керектүү жабдыктарды сатып алуу маселеле­ри каражатка келип такалды. Бактыгүл эже­нин талыкпаган аракетинин жана өзүнүн иде­ясына терең ишенгендигинин аркасында жа­маат акырындык менен кичинекей ийгилик­терди жаратып отуруп, бүгүн туруктуу иштеп жатат. 2011-жылы Бактыгүл эже долбоор да­ярдап, ПРООН аркылуу жамаатка грант менен жүн жана кебез тытуучу станок жана кездеме­нин бетине сайма сайган машина (тамбур ма­шинасын) сатып алган. Бирок,тилекке каршы жүн жана кебез тытуучу станок 3-фазадан тур­ган токтун кубаттуулугун талап кылгандык­тан жана жамааттын каражатынын жоктугуна байланыштуу станок иштебестен токтоп тур­ган. Жамааттын мүчөлөрү сатып алган жүндү колго жууп, колго тытып, буюмдарды жасап сатып жатышты. Быйыл Бактыгүл эже кайра­дан долбоор жазып, Норвегия токой тобу та­рабынан 35000 сом акчалай каржылоого ээ болуп, кубанычы койнуна батпай турган мез­гили. Бүгүнкү күндө «Байтүгөл» жамаатын­да Көк-Мойнок-2 айылынын 10 үй-бүлөсү эм­гектенет. Жамааттын мүчөлөрү панно, кийиз­дин бетине түшүрүлгөн сүрөттөрдү, балдар­дын жана чоң адамдардын жеңи жок чыптама­ларын, кийизден бут кийимдерди, сумка, уюл­дук телефон салгычтарды, кыз-келиндер үчүн жасалгаларды, пинеткаларды жана башка бу­юмдарды жасашат. Жамааттын элге кызмат көрсөтүп, айыл тургундарынын жүн жана ке­бездерин тытып, кыз узатуу тойлоруна сеп да­ярдап, ала кийиз, шырдак жана сувенирлерди жасап, аларды Казакстан, Россия мамлекет­терине сатып, жамааттын мүчөлөрүнүн жа­шоо деңгээлин көтөрөбүз деген максаты бар. Жамааттын жетекчиси Абдылдаева Бактыгүл эжебиз жогорку билимдүү адис. Кесиби бо­юнча инженер-курулушчу. Алма-Ата ишкер­лер палатасынын мүчөсү. Палатанын прези­денти Нуртаева Риманын колунан бир нече жолу улуттук традицияларды жайылтууга кошкон зор салымы үчүн дипломдорду жана сыйлыктарды алган. Ассоциациянын ишпланында башка ре­гиондор менен тажрыйба алмашуу карал­ган. Ушул максатта февраль айында Ош шаа­рында өткөрүлгөн Агро-Экспо «Жибек-Жолу 2014 жыл» аттуу 10-эл аралык айыл-чарба көргөзмөсүнө катышып, сапаттуу жана жо­горку түшүмдүү үрөндөрдү, сапаттуу жер семирткичтерди заманбап технологиялар ар­кылуу алуу мүмкүнчүлүктөрү менен тааныш­тык. 2014-жылдын март айында Каракол ша­арында Ысык-Көл мамлекеттик администрацисы, КРнын Өкмөтүнө караштуу Кур­чап турган чөйрөнү коргоо жана токой чар­басы мамлекеттик агенттиги, «Курчап турган чөйрөнү коргоонун туруктуу өнүгүүсү» ат­туу БУУнун өнүгүү программасы жана «Мо­дернизация жана өнүгүү агенттиги» коомдук уюму тарабынан «Жергиликтүү деңгээлде климаттын өзгөрүшүнө калыптануу» деген маанилүү темада семинар өткөрүлдү. Семи­нарда климаттын өзгөрүү маселелери, кли­маттын өзгөрүүсүнүн индикаторлору, кли­мат өзгөргөндөгү башкаруу жана гендер ма­селеси, Кыргызстандын климат өзгөрүүдөгү милдеттери жана эл аралык макулдашуула­ры, климат өзгөрүүдө жергиликтүү жана эл аралык тажрыйба, жергиликтүү деңгээлде климаттын өзгөрүшүнө калыптанууну стра­тегиялык документтерге киргизүү, климат­тын өзгөрүшүнүн Ысык-Көл регионунун жер жана суу ресурстарына таасир бериши туура­луу бир топ маселелер каралды.

     Май айында Ассоциациянын кызматкер­лери тарабынан Германиянын GIZ уюму ме­нен биргеликте World Bankтын заказы менен Балыкчы жана Жети-Өгүз токой чарбаларын­да изилдөө иштери жүргүзүлдү. Изилдөөнүн максаты бүгүнкү күндөгү токой чарбасында­гы көйгөйлөрдү, токойлордун абалын илик­теп, токойду жана токой ресурстарын сак­тап калууга долбоор тартуу болуп эсепте­лет. Изилдөө иштеринин жыйынтыгында то­кой чарбаларында бак-дарактар жыл сайын отургузулуп, бак-дарактардын өсүп кетүүсү 70-80% түзгөн. Балыкчы шаарынын тургун­дары Балыкчы токой чарбасындагы жайыт­тарды пайдаланышпагандыктарын билди­ришкен. Токойду мыйзамсыз кыюу орун ал­ган. Азыркы мезгилде Балыкчы токой чарба­сы өзүнун жер аянттарын жергиликтүү калк­ка узак мөөнөткө ижарага бергендигине байланыштуу абрикостун плантациялары кескин түрдө өстү. Сугат суу маселеси курч абалда экенин белгилешти, себеби Балыкчы шаа­рында дайыма болуп турган шамал топурак­ты тез кургатат.

Жети-Өгуз токой чарбасы алгылыктуу иштерди жүргүзүүдө. Көчөт тигилген аянт­тар жылдан жылга өсүүдө. Жети-Өгүздө Тянь-Шань карагайы, сосна, ак кайың, пих­та, лиственница, терек өстүрүлөт. Жети- Өгүздө 10дон ашык питомниктер бар, алар көчөт менен республиканын башка район­дорун да камсыз кылышат. Токой чарба ку­рорттук зонаны кеңейтүүнү максат кылуу­да. Жергиликтүү калк жай мезгилинде токой чарбанын жерлерин ижарага алып акча кара­жат табышат, жумушчу орундары менен кам­сыз болушат. Токой чарбаларында жаз айын­да көчөттөрдү отургузуу маалында жумушчу­лардын жетишсиздиги көйгөйлүү маселе бо­луп эсептелет. Жеке менчик питомниктер­де акыны жакшы төлөшкөндүктөн, адамдар ошол жакка барып иштешет. Ал эми токой­чулардын айлык маяналары аз. Токой чарба­лардын материалдык-техникалык базалары чыңдоону талап кылат.

   Аталган токой чарбаларында жазгы көчөттөрдү отургузуу, сугаруу жана багуу иштерине жергиликтүү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн жумушка тартылып, иште­ген акыларына Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу ун жана суу май азык­тарын алышты. Ассоциациянын кызматкер­лери мониторинг иштерин жүргүзүп, азык- түлүк таратууну токой чарбалардын кызмат­керлери менен биргеликте уюштурушту.Ысык-Көл аймагында көрсөтмө аянт уюштуруу максатында токой жана жер пайда­лануучулар Ассоциациясы өзүнүн өнөктөшү Норвегия токой тобу менен биргеликте Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынан 8 га жер тилкесин сатып алды. Жер тилкеге питомник уюштурулуп,тамчылатып сугаруу ыкмасы колдонулат. Күнөсканалар салынат, дары чөптөрдүн түрлөрү өстүрүлөт. Регион­догу токойчулар жана жер пайдалануучулар үчүн практикалык семинарлар, тренингдер өткөрүлүп, фермерлердин жана токойчулар­дын ишкердүүлүк жүргүзүүсүнө чоң көмөк көрсөтүлөт. Тамчылатып сугаруу-айыл-чарба өсүмдүктөрүн сугаруунун прогрессивдүү ыкма­ларынын бири. Суу жоготуусуз, полиэтилен түтүктөрү аркылуу тамчылаткычтардын жар­дамы менен ар бир өсүмдүктүн түбүнө бери­лет жана топурактын тамырлар жайланыш­кан зонасын гана нымдайт. Мындай учур­да суу өсүмдүккө белгилүү өлчөмдө гана бе­рилип, ал жоготууга жана терең фильтраци­яга кетпейт, жердин жуулуп кетүүсүнө, шор­лонуусуна, бузулусууна жол берилбейт. Атал­ган ыкманы сугат суу тартыш жерлерде, күнөсканаларда, кайрак жерлерде, эңкейиш түз эмес жерлерде жана тоо этектеринде кол­донсо болот. 2014-жылдын 18-июнунда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында тамчыла­тып сугаруу боюнча республикалык семинар болуп өттү. Семинарга КРнын вице-премьер- министри, айыл-чарба жана мелиорация ми­нистри, Кыргыз Өкмөтүнүн Ысык-Көл облу­сундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, токой жана жер пайдалануучулар Ассоциациясы жана ре­спубликабыздын бардык региондорунан де­легаттар катышты. Ассоциациянын кызмат­керлери тамчылатып сугаруу ыкмасы боюн­ча презентация жасашып, өз сунуштарын ай­тышты. Тоң районуна караштуу Ак-Өлөң ай­ылында жайгашкан «Нарсу» дыйкан чарба­сынын 28 гектар аянтына тамчылатып суга­руу системасы коюлган. Семинардын каты­шуучулары жеринде барып аталган ыкма ме­нен кенен таанышышты. Тамчылатып сугаруу системасы Тоң районундагы Манжылы ту­ристтик айылчасынын алма багына, Жети-Өгүз районунда Ассоциациянын мүчөсү Во­локитиндин питомнигине, Көк-Мойнок-1 ай­ылынын тургуну Сасыковдун питомнигине орнотулган. Бүгүнкү күндө тамчылатып су­гаруу ыкмасы дыйкандардын зор кызыгуусун жаратууда. КРнын Өкмөтүнө караштуу Курчап тур­ган чөйрөнү коргоо жана токой-чарба мамле­кеттик агенттиги жана Кыргыз Республика­сынын Экономика министрлиги менен бирге­ликте ПРООН долбоорунун колдоосу менен 2015-2017 жылдарга Ысык-Көлдүн экологи­ялык жана экономикалык туруктуу өнүгүүгө өтүү планын жана программасын иштеп чы­гуу процесси башталды. Аталган программа­ны иштеп чыгуу максатында ПРООН долбоо­ру токой жана жер пайдалануучулар Ассоциа­циясын ишке тартты. Ар жылы өтүүчү мөмө-жемиш фестивалы быйыл Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында өттү. Ассоциациянын мүчөлөрү фестивалга өзүлөрүнүн мөмө-жемиштери, өндүрүп чыгарган продукциялары менен ка­тышышты. Атап айтсак Ассоциациянын мүчөлөрү Абылгазиева Рахат өзүнүн консер­валанган козу карын, помидор, бадыраң жана абрикостон жасалган компоттору менен, Аб­дылдаева Бактыгүл кийизден жасалган пан­ но, бут кийимдер, сувенирлери менен, Воло­китин Антон мөмө-жемиш сактоочу жайына сакталган мөмө-жемиштери менен катышты. Фестивалга Кыргызстандын мөмө-жемиш ишканаларынын Ассоциациясы, Хельветас, Жайка, БАС(ЕББР), Тынчтык Корпусу, Тре­нинг Отель, Утан окуу борбору, Цоки коом­дук фонду, Бүткүл Дүйнөлүк Банктын Эл ара­лык каржы корпорациясы (IFC), Десерт ак­ционердик коому, Агат коттеждик шаарча­сы, БУУ, КРнын профтехлицейлери, фермер­лер жана Германия, Россия, Франция, Казак­стан, Ирландия, Испания мамалекеттеринен меймандар болуп 2000ге жакын адам каты­шышты.img_0135

Ассоциациянын катарына жанң мүчөлөр кабыл алынууда. Өзүнүн ишин андан ары өркүндөтүү максатында Ассоциацияга жаңы мүчө болуп Көк-Мойнок-2 айылынын тургуну, ишкер жана токой пайдалануучу Дүйшөбаев Болгонбай кирди. 1991-жылдан баштап тур­пан талдын 4 түрүн,теректин 4 түрүн отургуз­ган. Бүгүнкү күндө Дүйшөбаевдин 16000 бак-дарагы бар. Анын ичинде алманын 6 сорту - Киргизский зимний, превосходный, крип­сон, рашида, золотой ранет, апорт бар. Абри­костун да 6 түрүн тиккен. 2012-жылы ПРО­ОНдун «Өзөндөгү токойлорду өстүрүү жана кайра калыбына келтирүү» долбоорунун ал­кагында Дүйшөбаевдин жер тилкесине 7000 түп терек жана 220 абрикос тигилген. Бый­ыл Дүйшөбаев абрикосунан 2,5 тонна түшүм алды, күз мезгилинде алмаларын сатат. Иш­кер катары Бишкек-Балыкчы трассасынын Кубакы аялдамасында 40 орундуу «Ак жол» кафесин жана автоунаа ондоочу жайды иште­тип, 12 адамга жумушчу ордун түзүп берген. Чакан питомниги бар. Келечекте 2-3 гектар жер аянтын өздөштүрүп, көчөттөрдүн жаңы түрлөрүн тиксем деген максаты бар.

Ассоциациянын дагы бир жаңы мүчөсу Абылгазиева Рахат аттуу ишкер айым. Ра­хат 2012-жылы кайра иштетүүчү чакан иш­кана ачып, бүгүнкү күндө консерваланган бадыраң, патисон жана козу карын чыгарат. Чыгарылган продукциялары Кыргызстан­дын аймагында сатылат. Азырынча цех ча­кан болгондугуна байланыштуу жылына 70- 75 миң банка бадыраң, патисон жана козу ка­рын чыгарылат. Рахаттын келечекке койгон максаттары чоң. Ал айыл-арба продукцияла­рын кайра иштетүү боюнча кичи завод кур­сам дейт.

2013-жылдын октябрь айында БУУнун Европалык экономикалык комиссиясы жана БУУнун азык-түлүк жана айыл-чарба меке­меси (ФАО) жашыл экономика саясатынын долбоорун окутуу жолдору жана консульта­циялык кызмат көрсөтүү менен ишке ашыра баштады. Аталган маселе боюнча 24-октябрь 2014-жылы Балыкчы шаарында Ысык-Көл жана Нарын областарынын өкүлдөрүнүн ка­тышуусу менен токой жана жер пайдалануу­чулар Ассоциациясы семинар өткөрдү.

Алдыда жаңы жыл келе жатат. Жаңырган жылда жалпы элибиз тынчтыкта болуп, жак­шылыктар жылоолосун дейли. Буйруса күжүрмөн эли-журтубуз менен албан ийгилик­тердин күбөсү бололу.

 

 

Майрам КЫДЫРАЛИЕВА,

Ассоциациянын Ысык-Көл областы

                                                                                                                                                                                                 боюнча координатору

2015-02-20

Сегодня большинство фермеров, проживающих в слаборазвитых сельских регионах, сталкиваются с широким спектром социальных, экономических и экологических вызовов, от доступа к рынкам до изменения климата. Эти вызовы требуют внедрения новых знаний в аграрном производстве для обеспечения устойчивых средств существования семейных фермерских хозяйств, которые все острее нуждаются вдоступе к соответствующей информации.

Вопрос актуальный и для Кыргызстана, где в результате аграрной реформы, которую по разному оценивают в нашем обществе, появилось более 300 тысяч крестьянских хозяйств, которые, по сути, и являются семейными фермерскими хозяйствами. Ограниченный доступ к ресурсам, социальной инфраструктуре, информации и услугам связи ставят подугрозу их самостоятельность и самодостаточность. Поэтому сегодня необходимо оказывать поддержку знаниям, диалогу и процессам коммуникации, которые «позволяют сообществам, высказываться, выражать своинадежды и проблемы и участвовать в принятии решений, связанных с их жизнью» .Все это отводит коммуникации ключевую роль, как всельском развитии в целом, так и в продвижении интересов семенных фермерских хозяйств и выдвигает напервый план необходимость ее интегрирования в политики поддержки семейного фермерства.В последние годы процессы развития негосударственных, общинных и секторальных средств массовой информации доказали свою значимость для продвижения интересов миллионов фермеров по всему миру. Например, использование мобильной связи и общинных радио для предоставления инновационной маркетинговой информации и коммуникационных услуг расширяет охват рынка агросервисных услуг и помогает фермерам в выборе доступных цен, экономит их время и часто значительно увеличивает их доходы. Сегодня перед нами стоит задача создать институциональные и политические рамки, не только обеспечивающие равный доступ к информации и коммуникационным услугам, но и активное участие семейных фермерских хозяйств в процессах интегрированного сельского развития. Для того, чтобы повысить информированность мирового сообщества о роли коммуникации и общинных СМИ, как движущих силах инноваций и социального развития сельских сообществ 23-24 октября 2014 г. в Риме, Италия в штаб квартире Организации ООН по сельскому хозяйству и продовольствию (FAO) состоялся международный Форум «Коммуникации для развития». Форум был организован FAO в рамках проведения Международного года семейных фермерских хозяйств, объявленного ООН в 2014 г. для поддержки инклюзивныхустойчивых подходов политики в аграрном секторе. Форум предоставил возможность поделиться опытом и представить лучшие практики вклада коммуникации, информационных технологий, секторальных и общинных СМИ в развитие семейного фермерства. На форуме были рассмотрены возможности развития сельских коммуникационных услуг как устойчивого, инклюзивного коммуникационного процесса, ведомого потребностями фермеров и населения. Более ста участников, представляющих фермерские организации, сельские институты, международныеагентства, правительства, научные организации, правозащитные НПО, общинные СМИ и социальные сети согласились, что устойчивое социальное и экономическоеразвитие начинается тогда, когда фермеры, сообщества и люди способны самостоятельно принимать решения о своей жизни, основываясь на надежной, правдивой и актуальной информации.В работе форума принимала участие и Ассоциация лесопользователей и землепользователей Кыргызстана (АЛЗК), которая с момента своего основания выпускает газету «Асыл-Жер». Данное издание освещает развитие лесного и сельскохозяйственного секторастраны, отражая проблемы фермеров и леспользовате-лей, которые являются основными потребителями услуг АЛЗП. На протяжении уже четырех лет АЛЗК, ни при каких условиях, не прекращала ее выпускать, тщательнособирая информацию о ситуации на местах в сельских общинах, озвучивая острые проблемы и лучшие практики семенных фермерских хозяйств и лесопользователей Кыргызстана. Представитель АЛЗК выступил на панельной сессии с докладом о развитии негосударственных и общинных СМИ в Кыргызстане, также напримере, «Асыл-Жер».В результате дискуссий участники согласились, что коммуникация является ключевым фактором продвижения семейного фермерства и сельскому  развитию и, основываясь, нарекомендациях Всемирного конгресса по коммуникации для развития (2006 г.) разработали следующие рекомендации всем заинтересованным участникам международного процес-са:

• Развивать межсекторальные альянсы дляпродвижения коммуникации для семейногофермерства;

• Привести национальные регулятивныерамки по развитию сельских коммуникаци-онных услуг в соответствие с международными стандартами;

• Обеспечить правовые основы для независимого плюралистического радио, включая упрощенный процесс получения частоты и возможность устойчивого финансирования;

• Обеспечить доступность коммуникационной инфраструктуры и услуг для сельских сообществ и,в частности, для женщин и молодежи;

• На уровне фермеров способствовать повышению знаний и возможностей выражать свои права и нужды и их самоорганизацию;

• На уровне специалистов по развитию разработатьстратегии обучения, интегрирующие социально-экономические и гендерные вопросы.

• Разработать механизмы для координации и партнерств, обеспечивающих практику коммуникации для развития и поддержки независимых плюралистических СМИ. Все участники также согласились сохранить Форумпо коммуникации и общинным СМИ как неформальныймеханизм для продвижения политики и услуг по сель-ской коммуникации и стимулированию сотрудничестваразличных действующих лиц. Форум будет поддержи-ваться рабочей группой состоящей из организаций раз-вития и науки , фермерских организаций, НПО , универ-ситетами и общинными СМИ, которые будут продвигатьэтот процесс.

Александр ТЕМИРБЕКОВ,

Советник Ассоциации ЛЗКпо устойчивому развитию и экологии

2015-02-06

Токой сакчылыгында иштеп жаткан Калбай аке­нин эмгек жолунда токой чарбасына кошкон са­лымы бар жана бир топ жумуштарды жасап жат­кандыгын айтса болот. Калбай акенин айтканына караганда Союз таркагандан кийин Кызыл-Үңкүр токой чарбасы дагы оор мезгилдерге туш болгондугу чын. Жергиликтүү эл токой­ду үй-тиричилигин жылытуу үчүн отунга пайдаланууга арга­сыз болгон учурлар өттү. Ошондой шартта токойду өз алдын­ча аесуз кыюулардан токтотуу бир топ оор абалды, өзгөчө көйгөйлөрдү жараткандыгын, ошол учурда элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү кыйын болгондугун эскерет. Токой пайда­лануучулар менен биргеликте тыгыз иштөө менен гана то­койду отунга кыйылып, жаңгак уюлдарын сатылып жоголуп кетүүсүнөн сактап, коргоп калууга жеке салымын кошконду­гун эскерип айтат. Бүгүнкү күндө токойду коргоодо бир топ көйгөйлүү маселелер ордуна коюлду, жергиликтүү эл түшүнүп токойго болгон мамилеси жакшы жагына өзгөрө баштады

 Кызыл-Үңкүр токой бөлүмүнүн обходдогу токойчусу Наси­ев Калбай өзүнө бекитилип берилген план-тапшырмаларын убагында аткарып, күнү-түнү токой сакчылыгында бир топ алгылыктуу иштердин үстүндө келе жатат. Ушул убакта дагы токой чарбасынын токойчулугунда токой питомнигин өзү өстүрүп, карайт. 2014-жылы токой бөлүмүндөгү 0,14га аянт­ка жаңгак питомнигин эктирип, сугарып, асырап өстүрүп ба­гып жатат. Жаңгак токойлорун көбөйтүүдө тоо тилкелерине Арчалуу бет коктусунда 12 га жаңгак, Чоң-Суук-Булак кок­тусунда 2 га жаңгак көчөттөрүн, мурдагы жылдары эгилген көчөттөргө кошумча эгүү 21 га аянтка (дополнение) жаңгак, алма, алча, бадам көчөттөрүн өзү баш болуп, жергиликтү эл­ден 13 адамды уюштуруп, катышып эктирди. Бүгүнкү күндө ал көчөттөрдүн өсүшүнө дайыма көзөмөл жүргүзүп карап ту­рат. Токойду зыянкечтерден сактоодо өз обходунда 10 кг ма­лак куртун (непарный шелкопряд) тердирткен. Өзүнүн то­кой ижарасындагы токой тилкелерине үй-бүлөсү менен 3 га жаңгак көчөттөрүн эгишкен. Токойчулуктагы өрт коопсузду­гун алдын алуу жана токойдогу дарактарды өз алдынча кый­дырбоо боюнча токой пайдалануучулар менен жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин дайыма кеңири жүрүзүп келет.

Жасаган жумуштарынын натыйжасында токой чарбасын­да иштеген үзүрлүү эмгеги жана зор салымы үчүн Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын, Жалал-Абад областтык токой чар­ба башкармасынын Ардак грамоталары ыйгарылган. Ал эми 2007-жылы Жалал-Абад областтык мамлекеттик админи­страциясынын, 2008-жылы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча Агенттигинин Ардак Грамотала­ры менен сыйланган. Агенттиктин «Мамлекеттик токой сак­чылыгында үзгүлтүксүз иштегендиги үчүн Х жана ХХ-жыл төш белгиси» значоктору менен сыйланган.

Калбай акени жаратылышка жакын инсан десек болот, ал өзү токойчунун үй-бүлөсүндө туулуп өсүп чоңойгон, 11 бир тууганы бар жана атасы Наси дагы учурунда Кызыл-Үңкүр токой чарбасындагы Жаз-Кечүү токойчулугунда токойчу бо­луп эмгектенип, кийин ардактуу эс алууга чыккан. Учурда Кал­бай аке жети баланын атасы катары аларды татыктуу тарбия­лап өстүрдү. Токой көчөттөрүн питомникте өстүрүүгө, асыро­ого өз убагында үй-бүлөсү - балдары жана жубайы жакындан көмөк көрсөтүп, колдоп келгендигин айтат. Питомниктеги иш үстүндө болгондо албетте үй-бүлөсүнүн жардамы болбо­со токойчулуктагы питомникте жаш жаңгак көчөттөрдү мын­дай деңгээлде карап, өстүрө алмак эмес экендигин сыймык­тануу менен айтат. Ушундай токой тилкелерин көбөйтүүгө ар ким жеке салымын кошуп эмгектенсе, токойчунун эмгегинин акыбети кайтаары шексиз.

Мизамидин САТЫГУЛОВ,

КТЖПАнын Жалал-Абад областындагы

координатору

2015-02-20

Элибизде эмгек эрезеге жеткирээри дайыма айтылып келген. тоолуу өлкөбүздүн экономикасын көтөрүп, токой жана жер пайдала­нууда өзүнүн эмгектеги күжүрмөндүгү менен башкаларга үлгү болуп, келечекке ишенимдүү караган алтын колдуу азамат, жаратман эм­гекчилерибиз жок эмес. кыргызстан токой жана жер пайдалануучуларынын ассоциациясы уюшулгандан тартып өз ишмердүүлүгүндө дайыма токой жана агро сектордогу эмгекчил, мээнеткеч, жаңыча көз карашта иш алпарам деген атуулдарыбызга колдоосун көрсөтүп келе жатат. быйылкы 2014-жыл дагы биз үчүн жаман болгон жок. катарыбызга жаңы мүчөлөр кошулду, көп иштерди чогуу ча­ран аткарганга жетиштик. жылды жыйынтыктап жатып “асыл жер пресс” гезитибиз аркылуу айрым эмгеги, изденүүчүлүгү менен өзгөчөлөнгөн атуулдарыбызды быйылкы “жылдын каарманы” деген номинациялар менен белгилеп коюуну ылайык көрдүк. бул ки­чинекей, бирок жагымдуу белегибиз сиздерге алдыдагы эмгек жолуңуздарда албан ийгиликтерге алпаруучу маяк болсун! биз ишене­биз – мындай асыл адамдар арабызда абдан көп. келиңиздер, бирге иштешели, улуу табият менен асыл жерибизди сактап, коргоп жана учурдун талабына ылайык жашаганга өтөлү. келечегибиз – жашыл экономиканы көтөрүү менен урпактарга баалуу табигый мураста­рыбыз болгон токойлорубуз менен асыл жерибизди татына бойдон калтыруу! жаңырган жылда жаңы изденүү, баалуу табылгалар ме­нен кезигели!

 

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ФЕРМЕРИ

kasymov1

КАСЫМОВ ШАРАФИДИН - Баткен областынын Кадам­жай районунун Арпа-Сай ай­ылынын тургуну. 1956-жылы туулган. Оштогу айыл чар­ба техникумунун Агрономия факультетин аяктаган.Союз таркаганга чейин совхоздо питомниктерде агроном бо­луп иштеп жүрүп, кийин өз үлүшүн алганда үй-бүлөсү менен ар кандай жемиш дарактарынын көчөттөрүн эгип өстүрүү менен алектенет. Учурда 94 сотых жер үлүшүнүн 30 сотугунда жалаң шабдаалы багы бар, 15 сотугу алма, калган жер аянтына шабдаалы, алма жана гилас жеми­шинин данек уруктарын жаңы экти. Мындан тышкары питомнигинде өстүрүп даярдап койгон ижарага алган 25-30 сотых жерге олтургузганга жете турган көчөттөрү даяр турат. Продукциясын Россияга, Бишкекке сатып, жылдык кирешеси абдан жакшы. Быйылкы шабдаалы­сынан 4,5 тонна жемиш түшүм алып, Россиядагы алар­мандарына кетти. Жакындан жардамчысы анын жубайы Жаннаткан эже менен бала-чакасы.

 

 

 

 

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ФЕРМЕРИ

kaharjan

ЭШКОЗУЕВ КАХАРЖАН - Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Бар­пы айылынын тургуну. Кесиби – инженер-зоотехник. Союз учурунда колхоз-совхоздордо иштеп жүрүп, 1996-жылы ал­гачкылардан болуп жеке чар­басын түптөгөн. Алгачкы иш баштаганда 10 чакты гана кара малы бар болгон болсо, бул күндө малынын саны 100гө жетти. Кахаржан малды жөн гана багып көбөйтпөстөн, анын асыл тукумдуулугун арт­тыруунун үстүндө изденип келет. Жеке чарбасы азыр “Ба­кыт” асыл тукумдуу фермердик чарбасына айланган. Сүт өндүрүп сатуу жагын да жолго коюп алган. Айыл чарба­сынын мал чарба тармагына кошуп жаткан салымы үчүн 2003-жылы өлкө президентинин Ардак Грамотасына та­тыктуу болгон. Үй-бүлөсүнөн тышкары дагы 12 адамды иш менен камсыз кылып турат.

 

 

 

 

 

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ФЕРМЕРИ

anton 

ВОЛОКИТИН АНТОН - Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Кызыл- Суу айылында жашайт. Ата му­расын улантып, жеке чарба­сын чоң фермердик чарбага кеңейткен. Учурда 14 гектар же­рине мөмө жемиш дарактарын өстүрөт жана бул дарактардын питомнигин кармайт. Негизги кирешесин көчөттөрдү сатуудан табат. Айылдык шартта муздаткыч жабдыгы менен мөмө жемиш продукцияларын сактоочу жайы бар.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТОКОЙ ЧАРБАСЫ

КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР ТОКОЙ ЧАРБАСЫ - Жалал-Абад областы­нын Базар-Коргон району­нун Кызыл-Үңкүр токой чар­басы – директору Анар­бай уулу Элмирбек. Токой пайдалануучулар менен то­кой сактап, көбөйтүүдө, то­койду туруктуу башкаруу менен аны туура пайдала­нууда жергиликтүү эл ме­нен жакын иштешип,мыкты өнөктөштүгүн көрсөттү.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ӨНӨКТӨШҮБҮЗ

 

 Баткен областынын Ка­дамжай райондук мамле­кеттик администрация баш­чысы – аким Мадумаров Акрам Камбаралиевич. Келечек жашыл экономика­га деп чакырып жатканда өз эли-жеринин табиятын сак­тап, жакшыртып, токой жана агро сектордогу Ассоцияци­янын иш аракеттерин туура кабылдап, ар убак колдоосу менен чыныгы өнөктөш бо­луп келүүдө.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ КЫЗМАТКЕРИ

zair

ТӨРӨБЕКОВ ЗАИРБЕК ЭГЕМОВИЧ - Токой жана жер пайда­лануучулар Ассоцияциясы­нын кызматкери, түштүк ай­мак боюнча координатор. Ассоцияциянын иш аракет­терин түштүк аймактагы жергиликтүү элге жайылтуу­да көп аракеттерди жасаган. Өзгөчө тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу техно­логияларын жеткирүүдө ре­спубликанын бардык аймак­тарында болуп, тамчылатып сугаруууну практикалык ык­мада жеткирип келүүдө.


 

 

 

 

 

 

 

 

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ИШКЕРИ

satybaldievСАТЫБАЛДИЕВ АБДЫЖАЛИЛ – Ош областынын Ара­ван районундагы “Мовий да­рыя” суу пайдалануучулар Ассоциациясынын директо­ру. Ассоциация тарабынан уюштурулган ашар ыкмасы менен каналдарды тазалоо боюнча 2013 -жылда Араван районунда Найман, Лянгар каналын жасаганга өзүнүн акчалай салымын кошкон. Ассоцияциянын мүчөсү ка­тары жергиликтүү элдер ме­нен активдүү иштеше билет жана ар кандай талаш-тартыш маселелерин жоюда бир топ демилгелер менен аракеттенип келет. Тепе-Коргон Айыл аймактык Кенешинин депутаты.

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ЖАМААТЫ

baitugol«БАЙТҮГӨЛ» ЖАМААТЫ - «Байтүгөл» жамааты 2010- жылы Ысык-Көл областынын Тоң районуна караштуу Көк- Мойнок-2 айыл аймагында ую­шулган. Жамаатты Көк-Мойнок -2 айылынын тургуну Абдылдаева Бактыгүл жетек­тейт. Жамаат түзүлгөнгө чейин эле Бактыгүл эжебиз өзүнүн өмүрлүк жары Орозалиев Талант менен бир­геликте кыргыздын улуттук буюмдарын жасап, Биш­кек жана Алма-Ата шаарларына алып барып сатып жүргөн. Жамаат түзүү Бактыгүл эженин демилге­си болгону менен, аны ишке ашыруу оңойго турган жок. Бактыгүл эженин талыкпаган аракетинин жана өзүнүн идеясына терең ишенгендигинин аркасында жамаат акырындык менен кичинекей ийгиликтерди жаратып отуруп, бүгүн туруктуу иштеп жатат. 2011- жылы Бактыгүл эже долбоор даярдап, ПРООН аркы­луу жамаатка грант менен жүн жана кебез тытуучу станок жана кездеменин бетине сайма сайган машина (тамбур машинасын) сатып алган. Бирок,тилекке кар­шы жүн жана кебез тытуучу станок 3-фазадан турган токтун кубаттуулугун талап кылгандыктан жана жа­мааттын каражатынын жоктугуна байланыштуу ста­нок иштебестен токтоп турган. Жамааттын мүчөлөрү сатып алган жүндү колго жууп, колго тытып, буюм­дарды жасап сатып жатышты. Быйыл Бактыгүл эже кайрадан долбоор жазып, Норвегия токой тобу та­рабынан 35000 сом акчалай каржылоого ээ болду. «Байтүгөл» жамаатында Көк-Мойнок-2 айылынын 10 үй-бүлөсү эмгектенет. Жамааттын мүчөлөрү панно, кийиздин бетине түшүрүлгөн сүрөттөрдү, балдардын жана чоң адамдардын жеңи жок чыптамаларын, кий­изден бут кийимдерди, сумка, уюлдук телефон сал­гычтарды, кыз-келиндер үчүн жасалгаларды, пинет­каларды жана башка буюмдарды жасашат. Жамаат­тын элге кызмат көрсөтүп, айыл тургундарынын жүн жана кебездерин тытып, кыз узатуу тойлоруна сеп да­ярдап, ала кийиз, шырдак жана сувенирлерди жасап, аларды Казакстан, Россия мамлекеттерине сатып, жа­мааттын мүчөлөрүнүн жашоо деңгээлин көтөрөбүз де­ген максаты бар.

2015-02-20

Тоолуу Кыргызстаныбыз ко­оздугу жагынан Борбордук Азияда өзгөчөлөнгөн өлкө бо­луп саналат.Анын аймагында кышы жайы тоң жугузбаган Ысык-Көлүн бүгүн бүт дүйнө жүзү таанып калды.Ага жы­лына орточо алганда 2-3 мил­лион турист жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн ке­лип эс алып ден -соолукта­рын чыңдап кетишет.Акыркы кезде Кыргызстанда тоо ту­ризми өнүгүү жолуна ыргак­туу түшүп,Теңир- Тоо ичин­деги Соң-Көл,түштүктөгү Сары-Челек менен Арстанбап,Таластын башын­дагы Суусамыр, ичиндеги Төө- Ашуу, Караколдогу жана Чоң-Таштагы лыжа базалары тоолуу өлкөнүн жашыл эко­номикасын байытып барат­кандыгы чындык.

 

Көздүн жоосун алган кыргыз жеринин табият өзү жасап койгондой кооздугун айтсак сөз жетпейт. Кокту колоту, капчыгай өзөндөрү жаратылыштын ке­ремет байлыктарына толо. Азыркы кыш күрөө убагын­да тоо токойлор ичинде жашоо кечирген жапайы жан жаныбарлар Кыргыз Республикасынын аңчылык де­партаментинин Талас облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүнө мыйзамдуу коргоого алынганын атал­ган уюмдун өкүлчүлүк башчысы Кенжалы Арыкба­ев бизге кенен отуруп кеп кылып берди. Алакандай ушу Таласта аңчылык аянты 460,3 миң гектар аянт­ты түзөт. Өрөөндө 5 ири аңчылык чарбалары аракетте­нет.Каракол аңчылык аянты-95,5, Кең-Кол , ичи-73,3, Кайыңды-125,5, Күмүштак-102,5, Кара-Буура-63000, Талас заказниги-2,5 миң гектарга барабар. Аларда Кыр­гызстандын Кызыл китебине кирген жан жаныбарлар жашайт. Мергенчилик департаментинин Талас боюнча өкүлүнүн маалыматына караганда бул аймакта эсептер көрсөткөндөй 134 сүлөөсүн, 19 ак илбирс, 3 күрөң аюу, 178 суусар жана эчки текелер мекендешет. Быйыл 15 де­кабрга чейин атайын уруксаты менен 35 эчки- текеге ан­чылык жасалды. Келерки жылдын 15-январына чейин кекиликтерге аңчылык кылуу улантылып жатат.Азыр­кы кыштын кычыраган ушул күнүндө жан жаныбарлар­дын ичинен экономикага өтө зыяндуу жырткыч жаны­бар катары карышкырларды атып азайтуу иши план­дуу жүргүзүлүп жатат. Өткөн жылдан быйылкы жыл­дын апрелине чейин өрөөндө жылкы, кой, уйларга кол салып кырган 63 карышкыр атылды. Ал эми Кызыл ки­тептеги дагы бир сейрек жаныбар Ак илбирс аталган ай­макта бар болгону 4 даанага катталган жана катуу кор­гоого алынган. Аталган Кызыл китептеги жаныбарлар­ды коруктар боюнча эсептеп алганда алар Караколдо-4, Күмүштакта-5, Беш-Ташта-3, Беш-Көлдө-5 илбирстин жашаары аныкталып чыккан.

Кыргыз Республикасынын Аңчылык боюнча депар­таментинин Талас облусу боюнча өкүлчүлүгүндө азыр ар бир райондо бирден аңчылык инспекторлору жана 7 егерь маяна акыларынын аздыгына карабай эмгектенип, жаратылыштын ыксыз жабыркашына тоскоолдук ара­кеттерин көрүп турушат.Ушул максатта жакында Кыр­гызстан токой жана жер пайдалануучуларынын Ассоци­ациясынын адистери Абдырасулов К, Айдаров А, Алыке­ев Н, Талас облусунун Бакай-Ата районунда жергиликтүү администрациянын кызматкерлери жана жергиликтүү калк, экологдор, токойчулар, фермерлер менен өткөргөн “Жашыл экономика жана токойду туруктуу башкаруу” окуу семинарында жаратылыш ресурстарын туруктуу жана сарамжалдуу пайдалануу багытында элге кенен ма­алымат беришти.

 

Жоомарт БЕЙШЕНАЛИЕВ,

Талас облусу 

2015-02-04

По приглашению Ассоциации Лесопользователей и Землепользователей Кыргызста­на, Региональный Координа­тор по работе с ключевыми клиентами в странах СНГ, Ма­риам Маттила посетила Кыр­гызстан в конце ноября с.г.

Целью визита было знакомство с ситуацией в области управления лесными ресурсами, в том числе горными орехоплодовыми лесами Республики Кыргызстан, информи­рование лиц принимающих реше­ния в лесной отрасли о системе до­бровольной лесной сертификации FSC, а также обмен мнениями по вопросу сотрудничества в сфере до­бровольной лесной сертификации. 

В ходе визита представитель FSC приняла участие в Практической конференции по продвиже­нию устойчивого управления паст­бищами в Центральной Азии, при­няла участие во встрече в Депар­таменте лесных экосистем и особо охраняемых территорий Государ­ственного Агентства Охраны Окру­жающей Среды и Лесного Хозяй­ства Кыргызской Республики, а так­же приняла участие в участие в Пер­вом Фестивале Грецкого ореха, про­водимого в г. Жалал-Абад, Джалала- бадской области. 

В рамках визита Мария Матилла приняла участие в пер­вой практической конференции по продвижению устойчивого управления пастбищами в Центральной Азии, на которой были 80 представителей всех центрально азиатских стран, региональные и международные эксперты. Конфе­ренция была инициирована Депар­таментом пастбищ Министерства сельского хозяйства и мелиорации Кыргызской Республики (МСХМ КР) при поддержке проекта Евро­пейского Союза «Управление ле­сами и биоразно­образием, вклю­чая мониторинг окружающей среды (FLERMONECA)», реализуемого Гер­манским обществом по международно­му сотрудничеству (GIZ). Основными партнерами высту­пили Международ­ный фонд сельско­хозяйственного раз­вития (IFAD) в Кыргызстане и Тад­жикистане; Продовольственная и сельскохозяйственная организация Объединенных Наций (FAO) и Про­грамма развития ООН (ПРООН). 

На открытии конференции с приветственной речью выступили экс-президент КР Роза Отунбаева, вице-спикеры Жогорку Кенеша КР Бодош Мамырова и Надира Нарматова, депутат Жогорку Кенеша КР Эсенгул Исаков, глава отдела эко­номического сотрудничества и раз­вития Посольства Германии Петра Хипманн, руководитель проектов IFAD в Кыргызстане Фриц Жепсен, менеджер проектов Европейского Союза в Кыргызстане Миа Дюбуа-Буссе, директор Департамента паст­бищ МСХМ КР Абдумалик Эгембердиев, эксперт из Великобрита­нии Рой Бенке. Высокопоставлен­ные гости отметили важность дан­ного мероприятия, которое будет способствовать развитию пастбищ­ной реформы в странах Центральной Азии и обмену знаниями и опы­том в регионе. 

На конференции проведена краткая встреча с заместителем директора Госагентства охраны окру­жающей среды и лесного хозяства гос. Чынгожоевым А. Т., который отметил необходимость сертифика­ции лесоуправления и лесной про­дукции. 

На следующий день одна из встреч прошла в Департаменте лесных экосистем и особо охраняе­мых территорий Государственно­го Агентства Охраны Окружающей Среды и Лесного Хозяйства Кыр­гызской Республики - директором Ормоновым Адылом, в ходе которой обсуждалась Реформа лесного сек­тора, а так же возможность и необ­ходимость внедрения системы до­бровольной лесной сертификации. Кроме того в течение дня прошли встречи с Усуповым Маратом - ди­ректором типографии, который проявил интерес к получению сер­тификата цепочки поставок, а так же с Акимовым Кубанычбеком - ди­ректором центра по сертификации систем менеджмента качества и персонала, который в свою очередь высказался в пользу поддержки добровольной системы лесной серти­фикации в КР. Далее вечером того же дня в неформальной обстанов­ке прошла встреча с руководителем проекта GIZ «Сохранение биораз­нообразия и снижение бедности че­рез совместное управление орехо­плодовыми лесами и пастбищами» госпожой Уте Фишер-Зуйковой, при встрече с которой она проявила заинтересованность в Сертифика­ции Лесоуправления для пилотных Лесхозов в рамках проекта.

Далее несколько дней были от­ведены для ознакомления с Арче- выми (можжевеловыми) лесами Ошской области и Орехоплодовы­ми лесами Джалалабадской обла­сти.

В то же время Ассоциацией Ле­сопользователей и Землепользова­телей Кыргызстана были организо­ваны встречи с руководством и спе­циалистами Джалалабадского об­ластного управления орехоплодо­выми лесами, в ходе которых выяс­нилось, что принципы доброволь­ной лесной сертификации для лес­ных экосистем и не древесной про­дукции уже много лет назад были заложены в стратегию развития лесного сектора КР.

В конце визита представитель Регионального Офиса FSC для стран СНГ приняла участие в Пер­вом Фестивале Грецкого ореха, про­водимого в г. Жалал-абад Джалалабадской области.

Во время недельного визита были налажены деловые контакты, которые могут служить основой со­трудничества в области сертифи­кации по системе FSC, содействия реформированию лесного сектора Кыргызстана.

По мнению Мариам Матила ви­зит в Кыргызстан оказался очень плодотворным. Мы увидели жи­вой интерес к развитию добровольной лесной сертификации в сфере недревесной продукции леса, сер­тификации экосистемных услуг, к включению отдельных положений добровольной лесной сертифика­ции в состав государственной про­граммы по развитию орехоплодных культур в Кыргызской Республике до 2025 года.

По всем вопросам прось­ба обращаться к Региональ­ному Координатору по рабо­те с ключевыми Клиентами в странах СНГ, Мариам Маттила, m.matila@fsc.org или по те­лефону +7 925 51 91 007

gd_autoxauto_800_1418136673_image 

2015-02-04

С 26 по 29 сентября 2014 «Ассоциация Лесопользователей и Землепользователей Кыргызстана» приняла участие на выставке «АгроПродЭкспо 2014» организаторами которой являлись Министерство сельского хозяйства и мелиорации КР  и Торгово-Промышленная Палата КР. На выставке также приняли участие 60 очных и заочных компаний-участниц наиболее известные из которых "Риха", "Аброй", "Кыргыз Коньяг" и тд.

Ассоциация же выставляла продукцию своих членов под официальным брендом «Silk Road Taste». Ассортимент продукции был достаточно широк, это были: сухофрукты (около 10 видов), минеральная вода, талкан, консервированная продукция, элитная семенная картошка. Также ассоциация предложила услуги искусственного осеменения коров, впервые представив на рынок Кыргызстана семена «норвежской красной коровы» от компании«GENO», которые с недавних времен являются партнерами ассоциации.

Основной целью участия в данной выставке было продвижение, реклама и популяризация бренда «Silk Road Taste» и продукции "Geno" а также поиск партнеров на внутреннем и внешнем рынках. Было очень много заитерисованных сторон. На выставке по поприсутствовал и сам Министр Министерства сельского хозяйства и мелиорации КР Айдаралиев Таалайбек со своим заместителем Керималиев Жаныбеком которых очень заинтересовала идея осеменения "норвежской красной породой" и они с руководством ассоциации обсудили перспективы этой идеи и очень лестно отзывались по поводу этого направления. 

В целом можно сказать что ассоциация достигла своих поставленных целей на этой выставке т.к. бренд  «Silk Road Taste» и продукция компании «GENO» впервые заявили о себе, и заявили вполне неплохо на рынке заинтересовав множество компаний, частных предпринимателей, фермеров причем  не только с Кыргызстана, ну и конечно простого народа которые с большим интересом спрашивали: «А где можно приобрести вашу продукцию». Ассоциация осваивает новые горизонты и новые направления в сфере бизнеса и делает это уверено.

 

 

untitled-41    untitled3-1untitled-15    untitle9d-1untitled-71   untitled-451untitled55-1      untitled5-1 

2015-02-18

11 сентября 2014 года, Ассоциаиция Леспользователей и Землепользователей Кыргызстана заключила контракт с норвежской компанией «Geno Global AS» на поставку семени быков породы -  «Норвежская Красная» на основании которой, Ассоциация ЛЗК является официальным дистрибьютором данной породы в Кыргызстане.

В этой связи, для реализации поставленных задач Ассоциации лесопользователей и землепользователей и Норвежской компании «Geno Global AS» 04.12.2014 года в г.Кант на ферме МИС,  Ассоциация объединила лучших фермеров страны для представления  новой породы крупного рогатого скота «Норвежская красная».

Специалисты Ассоциации ЛЗК и МИС наглядно продемонстрировали гостям из государственного сектора, представителям Норвегии, фермерам, ведущим ветеринарам страны и другим заинтересованным лицам процесс искусственного осеменения семенем быков Норвежской красной, отечественной корове. Итак, поставлен старт зарождения жизни новой селекционной породы в Кыргызстане.

Норвежская компания «Geno Global AS» является одним из мировых лидеров, по разработке, производству и продаже семени быков, который экспортирует свою продукцию в более чем 20 различных стран мира. Семя быков «Норвежской красной» породы крупного рогатого скота обладает высоким спросом среди фермеров всего мира. Уникальность данной породы заключается в высокой удойности коров  (в среднем дает 10000 литров молока в год, до 50 литров в день), высокой выживаемости телят, устойчивости организма к внешним факторам, стойлово-отгонным и горным условиям.

Более подробную информацию можете узнать связавшись с нашими специалистами:

banner1-01-01

2014-12-24

Лес это одна из ключевых составляющих биосферы земли и играет в жизни человека и человечества очень важную роль. Во-первых, лес в большой степени влияет на климат, наличие чистой воды, чистого воздуха, защищает сельскохозяйственные земли, обеспечивает места для комфортного проживания и отдыха людей, сохраняет разнообразие живой природы. В этом заключается средообразующая или экологическая роль леса. Во-вторых, лес является источником множества материальных ресурсов, без которых человечество не может обойтись и вряд ли сможет обойтись в дальнейшем будущем - древесины для строительства, производства бумаги и мебели, дров, пищевых и лекарственных растений и других. Это экономическая, или ресурсная роль леса. В-третьих, лес - это часть той культурно-исторической среды, под воздействием которой формируются культура и обычаи целых народов, источник работы, независимости и материального благополучия значительной части населения, особенно тех, кто живет в лесных деревнях и поселках - социальная роль леса.  Лесные экосистемы, являются одним из компонентов экологической безопасности сохранения природных систем и поддержания соответствующего качества окружающей среды для устойчивого развития. Анализ лесных экосистем показывает, что в последнее время наблюдается в процессе вырубки лесов, деградации лесов, уничтожение мест обитания диких животных и снижение  биоразнообразия лесов.

Это и послужило предпосылкой для  Ассоциации  лесопользователей  и землепользователей Кыргызстана и Всемирной Продовольственной Программой Организации Объединенных Наций (ВПП ООН) в Кыргызской Республике для разработки и реализации проекта  «Сокращение рисков природного и экологического характера на основе лесокультурных мероприятий»,  в котором ассоциация выступила в качестве исполнительного партнера. Данный проект является одним из самых масштабных проектов по географическому охвату, по увеличению  лесопокрытости ГЛФ и по обеспечению продовольственной безопасностью ущербных слоев населения за последние годы. Партнерами проекта также выступили Программа Развития ООН (ПРООН),  Государственное агентство лесного хозяйства и охраны окружающей среды в лице и органы местного самоуправления. В рамках проекта было включено выполнение лесокультурных работ в лесхозах пяти областей  страны (Ошская, Жалалабадская, Баткенская, Нарынская, Иссык-Кульская). Особенностью проекта 2014 года  был подход «Денежная компенсация за работу» в качестве пилотного, то есть участники проекта выполняют определенную норму, за что получают наличные средства (то есть денежный эквивалент заработанного  продовольствия). Пилотными участками были выбраны  Жалалабадская и Ошская области. Проект состоял из двух частей: лесного и зеленого компонентов.

  • Лесной компонент реализован совместно с лесхозами ГАООСЛХ и местными  

органами власти, работы проводились на территории государственного лесного фонда.  

  • Зеленый компонент реализован совместно с МЧС,  ПРООН и ОМСУ на территории айыльных округов. 

Основной целью проекта  является содействие увеличению лесопокрытой площади страны, укреплению горных склонов путем создания противоэрозионных, противоселевых насаждений, озеленению территории айыльных округов на основе участия представителей бедных семей, уязвимых слоев населения для выполнения работ в лесном секторе, за которое бы они получали продовольствие или денежную компенсацию.  

Цель проекта охватывает следующие аспекты:

• Осуществление лесоводства и лесопользования;

• Предоставление временного трудоустройства с частичной компенсацией населения трудового и

повышения продовольственной безопасности бедных сельских семей, живущих в и недалеко от национального леса.

• увеличение посевных площадей на территории государственного лесного фонда.

• Восстановление инфраструктуры лесного хозяйства - ирригационные системы, дорог и ограждений;

• Проект планирует создать "зеленый фонд", т.е. саженцы фонда. Саженцы лесного хозяйства (1%) будут направлены на Зеленый фонд. годами. Часть этой собранной количества планируется передать будущих проектов ВПП (например: порции, программы школы). В соответствии с договором саженцы гранта лесного хозяйства на льготной основе для озеленения и благоустройства территории в айыл округов из-за согласие на частичную компенсацию участников рабочей силы для посадки, которые будут высажены на сообщества и других проектов ВПП и KAFLU;

• Предоставление дров для местного населения по более низкой цене до 50% от Рассаду высаживают из земель, используемых сельских районов (вклада Агентство).        Проект был направленных на восстановление окружающей среды, предупреждение рисков чрезвычайных ситуаций, увеличение лесных массивов, одновременно улучшающих статус продовольственной безопасности уязвимых категорий населения

Проект состоял из пяти этапов:

На первом этапе было организовано тренинг/собрание каждой из сторон проекта на местном уровне, на котором региональные координаторы ассоциации вели разъяснительную работу о шагах реализации проекта. Разъяснительная работа в основном велась с представителями лесхозов и ОМСУ, но на тренингах также поприсутствовали координаторы ВПП ООН. В повестке дня обсуждались не только вопросы реализации проекта но и важность сохранения и преумножения лесов.

На втором этапе лесхозами совместно с ОМСУ была произведена мобилизация участников проекта которые проходили отбор по критериям ВПП ООН: доход не более 1 тыс. сомов на члена семьи, наличие троих и более детей младше 14 лет, маленькие земельные наделы, отсутствие производственных активов. Таким образом, проект оказывает продовольственную помощь беднейшим слоям сельского населения в обмен на общественно полезную работу, содействует лесокультурным мероприятиям. Также специалистами АЛЗК было проведено анкетирование 20% участников отбора т.е. около 700 человек и при этом соблюдалось гендерное равенство. В результате отбора было отобрано более 3400 человек, 30% из них составили женщины.

На третьем этапе были проведены мониторинги процесса работ, в ходе которого   специалистами АЛЗК была произведена оценка прогресса реализации проекта, а также проверка агротехнических норм посадки.

Только в рамках проекта 2014 года было создано около 800  гектаров новых насаждений,  из них на территории государственного лесного фонда  более 700 га, остальное - на территории айыльных округов. Посажено саженцев, сеянцев и посеяно семян древесных пород более 1 млн. штук. Общий объем распределенного продовольствия составил  около 800 тонн из них в виде продуктов 235 тонн, а 537 838 тонн продовольствия в виде денежной компенсации  на общую сумму   17 159 179 сомов, общее количество участников проекта составило около 3500 человек, а общее количество бенефициаров более 10 тысяч.

Все проекты, поддерживаемые ВПП ООН в Кыргызстане, направлены на сокращение рисков природного и экологического характера на основе лесокультурных мероприятий в Кыргызской Республике через вовлечение представителей социально уязвимых слоев местного населения.

В рамках этого проекта также затронуты вопросы сезонного трудоустройства жителей сельской местности, что вносит определенный вклад в решение вопросов миграции населения. Проект имеет не только экологический эффект, но и социально-экономический, так как  местное население будет основным пользователем древесных и недревесных продуктов леса, что также является альтернативным источником доходов для жителей внутри и вблизи лесных участков.

Учитывая вклад Всемирной Продовольственной Программы ООН в Кыргызстане в развитие лесного сектора страны, на коллегии Государственного агентство охраны окружающей среды и лесного хозяйства при Правительстве Кыргызской Республики 18 июля 2014 года Страновому   директору  Всемирной Продовольственной Программы  ООН в Кыргызстане господину Раму Сараванамутту присуждено звание «Отличника охраны природы Кыргызской Республики», а также Главе Ошского офиса ВПП ООН в Кыргызстане  господину  Шухратмирзо Ходжаеву присуждена Почетная грамота  Государственного агентства охраны окружающей среды и лесного хозяйства при Правительстве Кыргызской Республики.

20140422_15274220140422_15280620140514_11574720140515_11164720140516_13003220140628_11191320140628_132627

Основной партнер