Добро пожаловать на сайт Ассоциации лесо и землепользователей Кыргызстана. Основной целью деятельности Ассоциации является содействие созданию условий для устойчивого природопользования и развития предпринимательской деятельности в лесном и сельскохозяйственном секторе.

Ассоциациянын Ишкерлиги – Ысык-Көл Аймагында

img_0095

Ассоциация тарабынан Ысык-Көл аймагында да алгылыктуу иштер жасалууда.

 Алдыга коюлган иш пландары­бызга ылайык Ассоциациянын мүчөлөрү аркылуу долбоорлор да­ярдалып, алардын ичинен Тоң районунун Көк-Мойнок-2 айылында жайгашкан «Байтүгөл» жамааты Ассоциациянын негизги өнөктөшү болгон Норвегия токой тобу тарабынан кар­жыланып, долбоору ишке ашырылды. 2010- жылы «Байтүгөл» жамааты Көк-Мойнок-2 айыл аймагында уюшулган. Жамаатты Көк-Мойнок-2 айылынын тургуну Абдылдаева Бактыгүл жетектейт. Жамаат түзүлгөнгө чей­ин эле Бактыгүл эжебиз өзүнүн өмүрлүк жары Орозалиев Талант менен биргеликте кыр­гыздын улуттук буюмдарын жасап, Бишкек жана Алма-Ата шаарларына алып барып са­тып жүргөн. Айылда Бактыгүл эжеге окшо­гон колунан узу төгүлгөн кыз-келиндердин бош жүргөнү, жумуш табуу кыйынчылыктар­га тураары Бактыгүл эжени түйшөлтүп кел­ген. Жамаат түзүү Бактыгүл эженин демилге­си болгону менен, аны ишке ашыруу оңойго турган жок. Жамаатка кирген адамдарга жу­мушчу орундарын түзүп берүү, сырье даярдоо, керектүү жабдыктарды сатып алуу маселеле­ри каражатка келип такалды. Бактыгүл эже­нин талыкпаган аракетинин жана өзүнүн иде­ясына терең ишенгендигинин аркасында жа­маат акырындык менен кичинекей ийгилик­терди жаратып отуруп, бүгүн туруктуу иштеп жатат. 2011-жылы Бактыгүл эже долбоор да­ярдап, ПРООН аркылуу жамаатка грант менен жүн жана кебез тытуучу станок жана кездеме­нин бетине сайма сайган машина (тамбур ма­шинасын) сатып алган. Бирок,тилекке каршы жүн жана кебез тытуучу станок 3-фазадан тур­ган токтун кубаттуулугун талап кылгандык­тан жана жамааттын каражатынын жоктугуна байланыштуу станок иштебестен токтоп тур­ган. Жамааттын мүчөлөрү сатып алган жүндү колго жууп, колго тытып, буюмдарды жасап сатып жатышты. Быйыл Бактыгүл эже кайра­дан долбоор жазып, Норвегия токой тобу та­рабынан 35000 сом акчалай каржылоого ээ болуп, кубанычы койнуна батпай турган мез­гили. Бүгүнкү күндө «Байтүгөл» жамаатын­да Көк-Мойнок-2 айылынын 10 үй-бүлөсү эм­гектенет. Жамааттын мүчөлөрү панно, кийиз­дин бетине түшүрүлгөн сүрөттөрдү, балдар­дын жана чоң адамдардын жеңи жок чыптама­ларын, кийизден бут кийимдерди, сумка, уюл­дук телефон салгычтарды, кыз-келиндер үчүн жасалгаларды, пинеткаларды жана башка бу­юмдарды жасашат. Жамааттын элге кызмат көрсөтүп, айыл тургундарынын жүн жана ке­бездерин тытып, кыз узатуу тойлоруна сеп да­ярдап, ала кийиз, шырдак жана сувенирлерди жасап, аларды Казакстан, Россия мамлекет­терине сатып, жамааттын мүчөлөрүнүн жа­шоо деңгээлин көтөрөбүз деген максаты бар. Жамааттын жетекчиси Абдылдаева Бактыгүл эжебиз жогорку билимдүү адис. Кесиби бо­юнча инженер-курулушчу. Алма-Ата ишкер­лер палатасынын мүчөсү. Палатанын прези­денти Нуртаева Риманын колунан бир нече жолу улуттук традицияларды жайылтууга кошкон зор салымы үчүн дипломдорду жана сыйлыктарды алган. Ассоциациянын ишпланында башка ре­гиондор менен тажрыйба алмашуу карал­ган. Ушул максатта февраль айында Ош шаа­рында өткөрүлгөн Агро-Экспо «Жибек-Жолу 2014 жыл» аттуу 10-эл аралык айыл-чарба көргөзмөсүнө катышып, сапаттуу жана жо­горку түшүмдүү үрөндөрдү, сапаттуу жер семирткичтерди заманбап технологиялар ар­кылуу алуу мүмкүнчүлүктөрү менен тааныш­тык. 2014-жылдын март айында Каракол ша­арында Ысык-Көл мамлекеттик администрацисы, КРнын Өкмөтүнө караштуу Кур­чап турган чөйрөнү коргоо жана токой чар­басы мамлекеттик агенттиги, «Курчап турган чөйрөнү коргоонун туруктуу өнүгүүсү» ат­туу БУУнун өнүгүү программасы жана «Мо­дернизация жана өнүгүү агенттиги» коомдук уюму тарабынан «Жергиликтүү деңгээлде климаттын өзгөрүшүнө калыптануу» деген маанилүү темада семинар өткөрүлдү. Семи­нарда климаттын өзгөрүү маселелери, кли­маттын өзгөрүүсүнүн индикаторлору, кли­мат өзгөргөндөгү башкаруу жана гендер ма­селеси, Кыргызстандын климат өзгөрүүдөгү милдеттери жана эл аралык макулдашуула­ры, климат өзгөрүүдө жергиликтүү жана эл аралык тажрыйба, жергиликтүү деңгээлде климаттын өзгөрүшүнө калыптанууну стра­тегиялык документтерге киргизүү, климат­тын өзгөрүшүнүн Ысык-Көл регионунун жер жана суу ресурстарына таасир бериши туура­луу бир топ маселелер каралды.

     Май айында Ассоциациянын кызматкер­лери тарабынан Германиянын GIZ уюму ме­нен биргеликте World Bankтын заказы менен Балыкчы жана Жети-Өгүз токой чарбаларын­да изилдөө иштери жүргүзүлдү. Изилдөөнүн максаты бүгүнкү күндөгү токой чарбасында­гы көйгөйлөрдү, токойлордун абалын илик­теп, токойду жана токой ресурстарын сак­тап калууга долбоор тартуу болуп эсепте­лет. Изилдөө иштеринин жыйынтыгында то­кой чарбаларында бак-дарактар жыл сайын отургузулуп, бак-дарактардын өсүп кетүүсү 70-80% түзгөн. Балыкчы шаарынын тургун­дары Балыкчы токой чарбасындагы жайыт­тарды пайдаланышпагандыктарын билди­ришкен. Токойду мыйзамсыз кыюу орун ал­ган. Азыркы мезгилде Балыкчы токой чарба­сы өзүнун жер аянттарын жергиликтүү калк­ка узак мөөнөткө ижарага бергендигине байланыштуу абрикостун плантациялары кескин түрдө өстү. Сугат суу маселеси курч абалда экенин белгилешти, себеби Балыкчы шаа­рында дайыма болуп турган шамал топурак­ты тез кургатат.

Жети-Өгуз токой чарбасы алгылыктуу иштерди жүргүзүүдө. Көчөт тигилген аянт­тар жылдан жылга өсүүдө. Жети-Өгүздө Тянь-Шань карагайы, сосна, ак кайың, пих­та, лиственница, терек өстүрүлөт. Жети- Өгүздө 10дон ашык питомниктер бар, алар көчөт менен республиканын башка район­дорун да камсыз кылышат. Токой чарба ку­рорттук зонаны кеңейтүүнү максат кылуу­да. Жергиликтүү калк жай мезгилинде токой чарбанын жерлерин ижарага алып акча кара­жат табышат, жумушчу орундары менен кам­сыз болушат. Токой чарбаларында жаз айын­да көчөттөрдү отургузуу маалында жумушчу­лардын жетишсиздиги көйгөйлүү маселе бо­луп эсептелет. Жеке менчик питомниктер­де акыны жакшы төлөшкөндүктөн, адамдар ошол жакка барып иштешет. Ал эми токой­чулардын айлык маяналары аз. Токой чарба­лардын материалдык-техникалык базалары чыңдоону талап кылат.

   Аталган токой чарбаларында жазгы көчөттөрдү отургузуу, сугаруу жана багуу иштерине жергиликтүү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн жумушка тартылып, иште­ген акыларына Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу ун жана суу май азык­тарын алышты. Ассоциациянын кызматкер­лери мониторинг иштерин жүргүзүп, азык- түлүк таратууну токой чарбалардын кызмат­керлери менен биргеликте уюштурушту.Ысык-Көл аймагында көрсөтмө аянт уюштуруу максатында токой жана жер пайда­лануучулар Ассоциациясы өзүнүн өнөктөшү Норвегия токой тобу менен биргеликте Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынан 8 га жер тилкесин сатып алды. Жер тилкеге питомник уюштурулуп,тамчылатып сугаруу ыкмасы колдонулат. Күнөсканалар салынат, дары чөптөрдүн түрлөрү өстүрүлөт. Регион­догу токойчулар жана жер пайдалануучулар үчүн практикалык семинарлар, тренингдер өткөрүлүп, фермерлердин жана токойчулар­дын ишкердүүлүк жүргүзүүсүнө чоң көмөк көрсөтүлөт. Тамчылатып сугаруу-айыл-чарба өсүмдүктөрүн сугаруунун прогрессивдүү ыкма­ларынын бири. Суу жоготуусуз, полиэтилен түтүктөрү аркылуу тамчылаткычтардын жар­дамы менен ар бир өсүмдүктүн түбүнө бери­лет жана топурактын тамырлар жайланыш­кан зонасын гана нымдайт. Мындай учур­да суу өсүмдүккө белгилүү өлчөмдө гана бе­рилип, ал жоготууга жана терең фильтраци­яга кетпейт, жердин жуулуп кетүүсүнө, шор­лонуусуна, бузулусууна жол берилбейт. Атал­ган ыкманы сугат суу тартыш жерлерде, күнөсканаларда, кайрак жерлерде, эңкейиш түз эмес жерлерде жана тоо этектеринде кол­донсо болот. 2014-жылдын 18-июнунда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында тамчыла­тып сугаруу боюнча республикалык семинар болуп өттү. Семинарга КРнын вице-премьер- министри, айыл-чарба жана мелиорация ми­нистри, Кыргыз Өкмөтүнүн Ысык-Көл облу­сундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, токой жана жер пайдалануучулар Ассоциациясы жана ре­спубликабыздын бардык региондорунан де­легаттар катышты. Ассоциациянын кызмат­керлери тамчылатып сугаруу ыкмасы боюн­ча презентация жасашып, өз сунуштарын ай­тышты. Тоң районуна караштуу Ак-Өлөң ай­ылында жайгашкан «Нарсу» дыйкан чарба­сынын 28 гектар аянтына тамчылатып суга­руу системасы коюлган. Семинардын каты­шуучулары жеринде барып аталган ыкма ме­нен кенен таанышышты. Тамчылатып сугаруу системасы Тоң районундагы Манжылы ту­ристтик айылчасынын алма багына, Жети-Өгүз районунда Ассоциациянын мүчөсү Во­локитиндин питомнигине, Көк-Мойнок-1 ай­ылынын тургуну Сасыковдун питомнигине орнотулган. Бүгүнкү күндө тамчылатып су­гаруу ыкмасы дыйкандардын зор кызыгуусун жаратууда. КРнын Өкмөтүнө караштуу Курчап тур­ган чөйрөнү коргоо жана токой-чарба мамле­кеттик агенттиги жана Кыргыз Республика­сынын Экономика министрлиги менен бирге­ликте ПРООН долбоорунун колдоосу менен 2015-2017 жылдарга Ысык-Көлдүн экологи­ялык жана экономикалык туруктуу өнүгүүгө өтүү планын жана программасын иштеп чы­гуу процесси башталды. Аталган программа­ны иштеп чыгуу максатында ПРООН долбоо­ру токой жана жер пайдалануучулар Ассоциа­циясын ишке тартты. Ар жылы өтүүчү мөмө-жемиш фестивалы быйыл Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында өттү. Ассоциациянын мүчөлөрү фестивалга өзүлөрүнүн мөмө-жемиштери, өндүрүп чыгарган продукциялары менен ка­тышышты. Атап айтсак Ассоциациянын мүчөлөрү Абылгазиева Рахат өзүнүн консер­валанган козу карын, помидор, бадыраң жана абрикостон жасалган компоттору менен, Аб­дылдаева Бактыгүл кийизден жасалган пан­ но, бут кийимдер, сувенирлери менен, Воло­китин Антон мөмө-жемиш сактоочу жайына сакталган мөмө-жемиштери менен катышты. Фестивалга Кыргызстандын мөмө-жемиш ишканаларынын Ассоциациясы, Хельветас, Жайка, БАС(ЕББР), Тынчтык Корпусу, Тре­нинг Отель, Утан окуу борбору, Цоки коом­дук фонду, Бүткүл Дүйнөлүк Банктын Эл ара­лык каржы корпорациясы (IFC), Десерт ак­ционердик коому, Агат коттеждик шаарча­сы, БУУ, КРнын профтехлицейлери, фермер­лер жана Германия, Россия, Франция, Казак­стан, Ирландия, Испания мамалекеттеринен меймандар болуп 2000ге жакын адам каты­шышты.img_0135

Ассоциациянын катарына жанң мүчөлөр кабыл алынууда. Өзүнүн ишин андан ары өркүндөтүү максатында Ассоциацияга жаңы мүчө болуп Көк-Мойнок-2 айылынын тургуну, ишкер жана токой пайдалануучу Дүйшөбаев Болгонбай кирди. 1991-жылдан баштап тур­пан талдын 4 түрүн,теректин 4 түрүн отургуз­ган. Бүгүнкү күндө Дүйшөбаевдин 16000 бак-дарагы бар. Анын ичинде алманын 6 сорту - Киргизский зимний, превосходный, крип­сон, рашида, золотой ранет, апорт бар. Абри­костун да 6 түрүн тиккен. 2012-жылы ПРО­ОНдун «Өзөндөгү токойлорду өстүрүү жана кайра калыбына келтирүү» долбоорунун ал­кагында Дүйшөбаевдин жер тилкесине 7000 түп терек жана 220 абрикос тигилген. Бый­ыл Дүйшөбаев абрикосунан 2,5 тонна түшүм алды, күз мезгилинде алмаларын сатат. Иш­кер катары Бишкек-Балыкчы трассасынын Кубакы аялдамасында 40 орундуу «Ак жол» кафесин жана автоунаа ондоочу жайды иште­тип, 12 адамга жумушчу ордун түзүп берген. Чакан питомниги бар. Келечекте 2-3 гектар жер аянтын өздөштүрүп, көчөттөрдүн жаңы түрлөрүн тиксем деген максаты бар.

Ассоциациянын дагы бир жаңы мүчөсу Абылгазиева Рахат аттуу ишкер айым. Ра­хат 2012-жылы кайра иштетүүчү чакан иш­кана ачып, бүгүнкү күндө консерваланган бадыраң, патисон жана козу карын чыгарат. Чыгарылган продукциялары Кыргызстан­дын аймагында сатылат. Азырынча цех ча­кан болгондугуна байланыштуу жылына 70- 75 миң банка бадыраң, патисон жана козу ка­рын чыгарылат. Рахаттын келечекке койгон максаттары чоң. Ал айыл-арба продукцияла­рын кайра иштетүү боюнча кичи завод кур­сам дейт.

2013-жылдын октябрь айында БУУнун Европалык экономикалык комиссиясы жана БУУнун азык-түлүк жана айыл-чарба меке­меси (ФАО) жашыл экономика саясатынын долбоорун окутуу жолдору жана консульта­циялык кызмат көрсөтүү менен ишке ашыра баштады. Аталган маселе боюнча 24-октябрь 2014-жылы Балыкчы шаарында Ысык-Көл жана Нарын областарынын өкүлдөрүнүн ка­тышуусу менен токой жана жер пайдалануу­чулар Ассоциациясы семинар өткөрдү.

Алдыда жаңы жыл келе жатат. Жаңырган жылда жалпы элибиз тынчтыкта болуп, жак­шылыктар жылоолосун дейли. Буйруса күжүрмөн эли-журтубуз менен албан ийгилик­тердин күбөсү бололу.

 

 

Майрам КЫДЫРАЛИЕВА,

Ассоциациянын Ысык-Көл областы

                                                                                                                                                                                                 боюнча координатору