Ассоциация тарабынан Ысык-Көл аймагында да алгылыктуу иштер жасалууда.
Алдыга коюлган иш пландарыбызга ылайык Ассоциациянын мүчөлөрү аркылуу долбоорлор даярдалып, алардын ичинен Тоң районунун Көк-Мойнок-2 айылында жайгашкан «Байтүгөл» жамааты Ассоциациянын негизги өнөктөшү болгон Норвегия токой тобу тарабынан каржыланып, долбоору ишке ашырылды. 2010- жылы «Байтүгөл» жамааты Көк-Мойнок-2 айыл аймагында уюшулган. Жамаатты Көк-Мойнок-2 айылынын тургуну Абдылдаева Бактыгүл жетектейт. Жамаат түзүлгөнгө чейин эле Бактыгүл эжебиз өзүнүн өмүрлүк жары Орозалиев Талант менен биргеликте кыргыздын улуттук буюмдарын жасап, Бишкек жана Алма-Ата шаарларына алып барып сатып жүргөн. Айылда Бактыгүл эжеге окшогон колунан узу төгүлгөн кыз-келиндердин бош жүргөнү, жумуш табуу кыйынчылыктарга тураары Бактыгүл эжени түйшөлтүп келген. Жамаат түзүү Бактыгүл эженин демилгеси болгону менен, аны ишке ашыруу оңойго турган жок. Жамаатка кирген адамдарга жумушчу орундарын түзүп берүү, сырье даярдоо, керектүү жабдыктарды сатып алуу маселелери каражатка келип такалды. Бактыгүл эженин талыкпаган аракетинин жана өзүнүн идеясына терең ишенгендигинин аркасында жамаат акырындык менен кичинекей ийгиликтерди жаратып отуруп, бүгүн туруктуу иштеп жатат. 2011-жылы Бактыгүл эже долбоор даярдап, ПРООН аркылуу жамаатка грант менен жүн жана кебез тытуучу станок жана кездеменин бетине сайма сайган машина (тамбур машинасын) сатып алган. Бирок,тилекке каршы жүн жана кебез тытуучу станок 3-фазадан турган токтун кубаттуулугун талап кылгандыктан жана жамааттын каражатынын жоктугуна байланыштуу станок иштебестен токтоп турган. Жамааттын мүчөлөрү сатып алган жүндү колго жууп, колго тытып, буюмдарды жасап сатып жатышты. Быйыл Бактыгүл эже кайрадан долбоор жазып, Норвегия токой тобу тарабынан 35000 сом акчалай каржылоого ээ болуп, кубанычы койнуна батпай турган мезгили. Бүгүнкү күндө «Байтүгөл» жамаатында Көк-Мойнок-2 айылынын 10 үй-бүлөсү эмгектенет. Жамааттын мүчөлөрү панно, кийиздин бетине түшүрүлгөн сүрөттөрдү, балдардын жана чоң адамдардын жеңи жок чыптамаларын, кийизден бут кийимдерди, сумка, уюлдук телефон салгычтарды, кыз-келиндер үчүн жасалгаларды, пинеткаларды жана башка буюмдарды жасашат. Жамааттын элге кызмат көрсөтүп, айыл тургундарынын жүн жана кебездерин тытып, кыз узатуу тойлоруна сеп даярдап, ала кийиз, шырдак жана сувенирлерди жасап, аларды Казакстан, Россия мамлекеттерине сатып, жамааттын мүчөлөрүнүн жашоо деңгээлин көтөрөбүз деген максаты бар. Жамааттын жетекчиси Абдылдаева Бактыгүл эжебиз жогорку билимдүү адис. Кесиби боюнча инженер-курулушчу. Алма-Ата ишкерлер палатасынын мүчөсү. Палатанын президенти Нуртаева Риманын колунан бир нече жолу улуттук традицияларды жайылтууга кошкон зор салымы үчүн дипломдорду жана сыйлыктарды алган. Ассоциациянын ишпланында башка региондор менен тажрыйба алмашуу каралган. Ушул максатта февраль айында Ош шаарында өткөрүлгөн Агро-Экспо «Жибек-Жолу 2014 жыл» аттуу 10-эл аралык айыл-чарба көргөзмөсүнө катышып, сапаттуу жана жогорку түшүмдүү үрөндөрдү, сапаттуу жер семирткичтерди заманбап технологиялар аркылуу алуу мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштык. 2014-жылдын март айында Каракол шаарында Ысык-Көл мамлекеттик администрацисы, КРнын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, «Курчап турган чөйрөнү коргоонун туруктуу өнүгүүсү» аттуу БУУнун өнүгүү программасы жана «Модернизация жана өнүгүү агенттиги» коомдук уюму тарабынан «Жергиликтүү деңгээлде климаттын өзгөрүшүнө калыптануу» деген маанилүү темада семинар өткөрүлдү. Семинарда климаттын өзгөрүү маселелери, климаттын өзгөрүүсүнүн индикаторлору, климат өзгөргөндөгү башкаруу жана гендер маселеси, Кыргызстандын климат өзгөрүүдөгү милдеттери жана эл аралык макулдашуулары, климат өзгөрүүдө жергиликтүү жана эл аралык тажрыйба, жергиликтүү деңгээлде климаттын өзгөрүшүнө калыптанууну стратегиялык документтерге киргизүү, климаттын өзгөрүшүнүн Ысык-Көл регионунун жер жана суу ресурстарына таасир бериши тууралуу бир топ маселелер каралды.
Май айында Ассоциациянын кызматкерлери тарабынан Германиянын GIZ уюму менен биргеликте World Bankтын заказы менен Балыкчы жана Жети-Өгүз токой чарбаларында изилдөө иштери жүргүзүлдү. Изилдөөнүн максаты бүгүнкү күндөгү токой чарбасындагы көйгөйлөрдү, токойлордун абалын иликтеп, токойду жана токой ресурстарын сактап калууга долбоор тартуу болуп эсептелет. Изилдөө иштеринин жыйынтыгында токой чарбаларында бак-дарактар жыл сайын отургузулуп, бак-дарактардын өсүп кетүүсү 70-80% түзгөн. Балыкчы шаарынын тургундары Балыкчы токой чарбасындагы жайыттарды пайдаланышпагандыктарын билдиришкен. Токойду мыйзамсыз кыюу орун алган. Азыркы мезгилде Балыкчы токой чарбасы өзүнун жер аянттарын жергиликтүү калкка узак мөөнөткө ижарага бергендигине байланыштуу абрикостун плантациялары кескин түрдө өстү. Сугат суу маселеси курч абалда экенин белгилешти, себеби Балыкчы шаарында дайыма болуп турган шамал топуракты тез кургатат.
Жети-Өгуз токой чарбасы алгылыктуу иштерди жүргүзүүдө. Көчөт тигилген аянттар жылдан жылга өсүүдө. Жети-Өгүздө Тянь-Шань карагайы, сосна, ак кайың, пихта, лиственница, терек өстүрүлөт. Жети- Өгүздө 10дон ашык питомниктер бар, алар көчөт менен республиканын башка райондорун да камсыз кылышат. Токой чарба курорттук зонаны кеңейтүүнү максат кылууда. Жергиликтүү калк жай мезгилинде токой чарбанын жерлерин ижарага алып акча каражат табышат, жумушчу орундары менен камсыз болушат. Токой чарбаларында жаз айында көчөттөрдү отургузуу маалында жумушчулардын жетишсиздиги көйгөйлүү маселе болуп эсептелет. Жеке менчик питомниктерде акыны жакшы төлөшкөндүктөн, адамдар ошол жакка барып иштешет. Ал эми токойчулардын айлык маяналары аз. Токой чарбалардын материалдык-техникалык базалары чыңдоону талап кылат.
Аталган токой чарбаларында жазгы көчөттөрдү отургузуу, сугаруу жана багуу иштерине жергиликтүү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн жумушка тартылып, иштеген акыларына Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу ун жана суу май азыктарын алышты. Ассоциациянын кызматкерлери мониторинг иштерин жүргүзүп, азык- түлүк таратууну токой чарбалардын кызматкерлери менен биргеликте уюштурушту.Ысык-Көл аймагында көрсөтмө аянт уюштуруу максатында токой жана жер пайдалануучулар Ассоциациясы өзүнүн өнөктөшү Норвегия токой тобу менен биргеликте Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынан 8 га жер тилкесин сатып алды. Жер тилкеге питомник уюштурулуп,тамчылатып сугаруу ыкмасы колдонулат. Күнөсканалар салынат, дары чөптөрдүн түрлөрү өстүрүлөт. Региондогу токойчулар жана жер пайдалануучулар үчүн практикалык семинарлар, тренингдер өткөрүлүп, фермерлердин жана токойчулардын ишкердүүлүк жүргүзүүсүнө чоң көмөк көрсөтүлөт. Тамчылатып сугаруу-айыл-чарба өсүмдүктөрүн сугаруунун прогрессивдүү ыкмаларынын бири. Суу жоготуусуз, полиэтилен түтүктөрү аркылуу тамчылаткычтардын жардамы менен ар бир өсүмдүктүн түбүнө берилет жана топурактын тамырлар жайланышкан зонасын гана нымдайт. Мындай учурда суу өсүмдүккө белгилүү өлчөмдө гана берилип, ал жоготууга жана терең фильтрацияга кетпейт, жердин жуулуп кетүүсүнө, шорлонуусуна, бузулусууна жол берилбейт. Аталган ыкманы сугат суу тартыш жерлерде, күнөсканаларда, кайрак жерлерде, эңкейиш түз эмес жерлерде жана тоо этектеринде колдонсо болот. 2014-жылдын 18-июнунда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында тамчылатып сугаруу боюнча республикалык семинар болуп өттү. Семинарга КРнын вице-премьер- министри, айыл-чарба жана мелиорация министри, Кыргыз Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, токой жана жер пайдалануучулар Ассоциациясы жана республикабыздын бардык региондорунан делегаттар катышты. Ассоциациянын кызматкерлери тамчылатып сугаруу ыкмасы боюнча презентация жасашып, өз сунуштарын айтышты. Тоң районуна караштуу Ак-Өлөң айылында жайгашкан «Нарсу» дыйкан чарбасынын 28 гектар аянтына тамчылатып сугаруу системасы коюлган. Семинардын катышуучулары жеринде барып аталган ыкма менен кенен таанышышты. Тамчылатып сугаруу системасы Тоң районундагы Манжылы туристтик айылчасынын алма багына, Жети-Өгүз районунда Ассоциациянын мүчөсү Волокитиндин питомнигине, Көк-Мойнок-1 айылынын тургуну Сасыковдун питомнигине орнотулган. Бүгүнкү күндө тамчылатып сугаруу ыкмасы дыйкандардын зор кызыгуусун жаратууда. КРнын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой-чарба мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен биргеликте ПРООН долбоорунун колдоосу менен 2015-2017 жылдарга Ысык-Көлдүн экологиялык жана экономикалык туруктуу өнүгүүгө өтүү планын жана программасын иштеп чыгуу процесси башталды. Аталган программаны иштеп чыгуу максатында ПРООН долбоору токой жана жер пайдалануучулар Ассоциациясын ишке тартты. Ар жылы өтүүчү мөмө-жемиш фестивалы быйыл Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында өттү. Ассоциациянын мүчөлөрү фестивалга өзүлөрүнүн мөмө-жемиштери, өндүрүп чыгарган продукциялары менен катышышты. Атап айтсак Ассоциациянын мүчөлөрү Абылгазиева Рахат өзүнүн консерваланган козу карын, помидор, бадыраң жана абрикостон жасалган компоттору менен, Абдылдаева Бактыгүл кийизден жасалган пан но, бут кийимдер, сувенирлери менен, Волокитин Антон мөмө-жемиш сактоочу жайына сакталган мөмө-жемиштери менен катышты. Фестивалга Кыргызстандын мөмө-жемиш ишканаларынын Ассоциациясы, Хельветас, Жайка, БАС(ЕББР), Тынчтык Корпусу, Тренинг Отель, Утан окуу борбору, Цоки коомдук фонду, Бүткүл Дүйнөлүк Банктын Эл аралык каржы корпорациясы (IFC), Десерт акционердик коому, Агат коттеждик шаарчасы, БУУ, КРнын профтехлицейлери, фермерлер жана Германия, Россия, Франция, Казакстан, Ирландия, Испания мамалекеттеринен меймандар болуп 2000ге жакын адам катышышты.
Ассоциациянын катарына жанң мүчөлөр кабыл алынууда. Өзүнүн ишин андан ары өркүндөтүү максатында Ассоциацияга жаңы мүчө болуп Көк-Мойнок-2 айылынын тургуну, ишкер жана токой пайдалануучу Дүйшөбаев Болгонбай кирди. 1991-жылдан баштап турпан талдын 4 түрүн,теректин 4 түрүн отургузган. Бүгүнкү күндө Дүйшөбаевдин 16000 бак-дарагы бар. Анын ичинде алманын 6 сорту – Киргизский зимний, превосходный, крипсон, рашида, золотой ранет, апорт бар. Абрикостун да 6 түрүн тиккен. 2012-жылы ПРООНдун «Өзөндөгү токойлорду өстүрүү жана кайра калыбына келтирүү» долбоорунун алкагында Дүйшөбаевдин жер тилкесине 7000 түп терек жана 220 абрикос тигилген. Быйыл Дүйшөбаев абрикосунан 2,5 тонна түшүм алды, күз мезгилинде алмаларын сатат. Ишкер катары Бишкек-Балыкчы трассасынын Кубакы аялдамасында 40 орундуу «Ак жол» кафесин жана автоунаа ондоочу жайды иштетип, 12 адамга жумушчу ордун түзүп берген. Чакан питомниги бар. Келечекте 2-3 гектар жер аянтын өздөштүрүп, көчөттөрдүн жаңы түрлөрүн тиксем деген максаты бар.
Ассоциациянын дагы бир жаңы мүчөсу Абылгазиева Рахат аттуу ишкер айым. Рахат 2012-жылы кайра иштетүүчү чакан ишкана ачып, бүгүнкү күндө консерваланган бадыраң, патисон жана козу карын чыгарат. Чыгарылган продукциялары Кыргызстандын аймагында сатылат. Азырынча цех чакан болгондугуна байланыштуу жылына 70- 75 миң банка бадыраң, патисон жана козу карын чыгарылат. Рахаттын келечекке койгон максаттары чоң. Ал айыл-арба продукцияларын кайра иштетүү боюнча кичи завод курсам дейт.
2013-жылдын октябрь айында БУУнун Европалык экономикалык комиссиясы жана БУУнун азык-түлүк жана айыл-чарба мекемеси (ФАО) жашыл экономика саясатынын долбоорун окутуу жолдору жана консультациялык кызмат көрсөтүү менен ишке ашыра баштады. Аталган маселе боюнча 24-октябрь 2014-жылы Балыкчы шаарында Ысык-Көл жана Нарын областарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен токой жана жер пайдалануучулар Ассоциациясы семинар өткөрдү.
Алдыда жаңы жыл келе жатат. Жаңырган жылда жалпы элибиз тынчтыкта болуп, жакшылыктар жылоолосун дейли. Буйруса күжүрмөн эли-журтубуз менен албан ийгиликтердин күбөсү бололу.
Майрам КЫДЫРАЛИЕВА,
Ассоциациянын Ысык-Көл областы
боюнча координатору