Ассоциациянын ишкерлиги – Ысык-Көл аймагында
Ассоциация тарабынан Ысык-Көл аймагында да алгылыктуу иштер жасалууда. Алдыга коюлган иш пландарыбызга ылайык Ассоциациянын мүчөлөрү аркылуу долбоорлор даярдалып, алардын ичинен Тоң районунун Көк-Мойнок-2 айылында жайгашкан «Байтүгөл» жамааты Ассоциациянын негизги өнөктөшү болгон Норвегия токой тобу тарабынан каржыланып, долбоору ишке ашырылды. 2010- жылы «Байтүгөл» жамааты Көк-Мойнок-2 айыл аймагында уюшулган. Жамаатты Көк-Мойнок-2 айылынын тургуну Абдылдаева Бактыгүл жетектейт. Жамаат түзүлгөнгө чейин эле Бактыгүл эжебиз өзүнүн өмүрлүк жары Орозалиев Талант менен биргеликте кыргыздын улуттук буюмдарын...