Токой сакчылыгында иштеп жаткан Калбай аке­нин эмгек жолунда токой чарбасына кошкон са­лымы бар жана бир топ жумуштарды жасап жат­кандыгын айтса болот. Калбай акенин айтканына караганда Союз таркагандан кийин Кызыл-Үңкүр токой чарбасы дагы оор мезгилдерге туш болгондугу чын. Жергиликтүү эл токой­ду үй-тиричилигин жылытуу үчүн отунга пайдаланууга арга­сыз болгон учурлар өттү. Ошондой шартта токойду өз алдын­ча аесуз кыюулардан токтотуу бир топ оор абалды, өзгөчөкөйгөйлөрдү жараткандыгын, ошол учурда элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү кыйын болгондугун эскерет. Токой пайда­лануучулар менен биргеликте тыгыз иштөө менен гана то­койду отунга кыйылып, жаңгак уюлдарын сатылып жоголуп кетүүсүнөн сактап, коргоп калууга жеке салымын кошконду­гун эскерип айтат. Бүгүнкү күндө токойду коргоодо бир топ көйгөйлүү маселелер ордуна коюлду, жергиликтүү эл түшүнүп токойго болгон мамилеси жакшы жагына өзгөрө баштады. 

 Кызыл-Үңкүр токой бөлүмүнүн обходдогу токойчусу Наси­ев Калбай өзүнө бекитилип берилген план-тапшырмаларын убагында аткарып, күнү-түнү токой сакчылыгында бир топ алгылыктуу иштердин үстүндө келе жатат. Ушул убакта дагы токой чарбасынын токойчулугунда токой питомнигин өзү өстүрүп, карайт. 2014-жылы токой бөлүмүндөгү 0,14га аянт­ка жаңгак питомнигин эктирип, сугарып, асырап өстүрүп ба­гып жатат. Жаңгак токойлорун көбөйтүүдө тоо тилкелерине Арчалуу бет коктусунда 12 га жаңгак, Чоң-Суук-Булак кок­тусунда 2 га жаңгак көчөттөрүн, мурдагы жылдары эгилген көчөттөргө кошумча эгүү 21 га аянтка (дополнение) жаңгак, алма, алча, бадам көчөттөрүн өзү баш болуп, жергиликтү эл­ден 13 адамды уюштуруп, катышып эктирди. Бүгүнкү күндө ал көчөттөрдүн өсүшүнө дайыма көзөмөл жүргүзүп карап ту­рат. Токойду зыянкечтерден сактоодо өз обходунда 10 кг ма­лак куртун (непарный шелкопряд) тердирткен. Өзүнүн то­кой ижарасындагы токой тилкелерине үй-бүлөсү менен 3 га жаңгак көчөттөрүн эгишкен. Токойчулуктагы өрт коопсузду­гун алдын алуу жана токойдогу дарактарды өз алдынча кый­дырбоо боюнча токой пайдалануучулар менен жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин дайыма кеңири жүрүзүп келет.

Жасаган жумуштарынын натыйжасында токой чарбасын­да иштеген үзүрлүү эмгеги жана зор салымы үчүн Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын, Жалал-Абад областтык токой чар­ба башкармасынын Ардак грамоталары ыйгарылган. Ал эми 2007-жылы Жалал-Абад областтык мамлекеттик админи­страциясынын, 2008-жылы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча Агенттигинин Ардак Грамотала­ры менен сыйланган. Агенттиктин «Мамлекеттик токой сак­чылыгында үзгүлтүксүз иштегендиги үчүн Х жана ХХ-жыл төш белгиси» значоктору менен сыйланган.

Калбай акени жаратылышка жакын инсан десек болот, ал өзү токойчунун үй-бүлөсүндө туулуп өсүп чоңойгон, 11 бир тууганы бар жана атасы Наси дагы учурунда Кызыл-Үңкүр токой чарбасындагы Жаз-Кечүү токойчулугунда токойчу бо­луп эмгектенип, кийин ардактуу эс алууга чыккан. Учурда Кал­бай аке жети баланын атасы катары аларды татыктуу тарбия­лап өстүрдү. Токой көчөттөрүн питомникте өстүрүүгө, асыро­ого өз убагында үй-бүлөсү – балдары жана жубайы жакындан көмөк көрсөтүп, колдоп келгендигин айтат. Питомниктеги иш үстүндө болгондо албетте үй-бүлөсүнүн жардамы болбо­со токойчулуктагы питомникте жаш жаңгак көчөттөрдү мын­дай деңгээлде карап, өстүрө алмак эмес экендигин сыймык­тануу менен айтат. Ушундай токой тилкелерин көбөйтүүгө ар ким жеке салымын кошуп эмгектенсе, токойчунун эмгегинин акыбети кайтаары шексиз.

Мизамидин САТЫГУЛОВ,

КТЖПАнын Жалал-Абад областындагы

координатору

ПОХОЖИЕ ПОСТЫ