Тоолуу Кыргызстаныбыз кооздугу жагынан Борбордук Азияда өзгөчөлөнгөн өлкө болуп саналат.Анын аймагында кышы жайы тоң жугузбаган Ысык-Көлүн бүгүн бүт дүйнө жүзү таанып калды.Ага жылына орточо алганда 2-3 миллион турист жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келип эс алып ден -соолуктарын чыңдап кетишет.Акыркы кезде Кыргызстанда тоо туризми өнүгүү жолуна ыргактуу түшүп,Теңир- Тоо ичиндеги Соң-Көл,түштүктөгү Сары-Челек менен Арстанбап,Таластын башындагы Суусамыр, ичиндеги Төө- Ашуу, Караколдогу жана Чоң-Таштагы лыжа базалары тоолуу өлкөнүн жашыл экономикасын байытып бараткандыгы чындык.
Көздүн жоосун алган кыргыз жеринин табият өзү жасап койгондой кооздугун айтсак сөз жетпейт. Кокту колоту, капчыгай өзөндөрү жаратылыштын керемет байлыктарына толо. Азыркы кыш күрөө убагында тоо токойлор ичинде жашоо кечирген жапайы жан жаныбарлар Кыргыз Республикасынын аңчылык департаментинин Талас облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүнө мыйзамдуу коргоого алынганын аталган уюмдун өкүлчүлүк башчысы Кенжалы Арыкбаев бизге кенен отуруп кеп кылып берди. Алакандай ушу Таласта аңчылык аянты 460,3 миң гектар аянтты түзөт. Өрөөндө 5 ири аңчылык чарбалары аракеттенет.Каракол аңчылык аянты-95,5, Кең-Кол , ичи-73,3, Кайыңды-125,5, Күмүштак-102,5, Кара-Буура-63000, Талас заказниги-2,5 миң гектарга барабар. Аларда Кыргызстандын Кызыл китебине кирген жан жаныбарлар жашайт. Мергенчилик департаментинин Талас боюнча өкүлүнүн маалыматына караганда бул аймакта эсептер көрсөткөндөй 134 сүлөөсүн, 19 ак илбирс, 3 күрөң аюу, 178 суусар жана эчки текелер мекендешет. Быйыл 15 декабрга чейин атайын уруксаты менен 35 эчки- текеге анчылык жасалды. Келерки жылдын 15-январына чейин кекиликтерге аңчылык кылуу улантылып жатат.Азыркы кыштын кычыраган ушул күнүндө жан жаныбарлардын ичинен экономикага өтө зыяндуу жырткыч жаныбар катары карышкырларды атып азайтуу иши пландуу жүргүзүлүп жатат. Өткөн жылдан быйылкы жылдын апрелине чейин өрөөндө жылкы, кой, уйларга кол салып кырган 63 карышкыр атылды. Ал эми Кызыл китептеги дагы бир сейрек жаныбар Ак илбирс аталган аймакта бар болгону 4 даанага катталган жана катуу коргоого алынган. Аталган Кызыл китептеги жаныбарларды коруктар боюнча эсептеп алганда алар Караколдо-4, Күмүштакта-5, Беш-Ташта-3, Беш-Көлдө-5 илбирстин жашаары аныкталып чыккан.
Кыргыз Республикасынын Аңчылык боюнча департаментинин Талас облусу боюнча өкүлчүлүгүндө азыр ар бир райондо бирден аңчылык инспекторлору жана 7 егерь маяна акыларынын аздыгына карабай эмгектенип, жаратылыштын ыксыз жабыркашына тоскоолдук аракеттерин көрүп турушат.Ушул максатта жакында Кыргызстан токой жана жер пайдалануучуларынын Ассоциациясынын адистери Абдырасулов К, Айдаров А, Алыкеев Н, Талас облусунун Бакай-Ата районунда жергиликтүү администрациянын кызматкерлери жана жергиликтүү калк, экологдор, токойчулар, фермерлер менен өткөргөн “Жашыл экономика жана токойду туруктуу башкаруу” окуу семинарында жаратылыш ресурстарын туруктуу жана сарамжалдуу пайдалануу багытында элге кенен маалымат беришти.
Жоомарт БЕЙШЕНАЛИЕВ,
Талас облусу