Элибизде эмгек эрезеге жеткирээри дайыма айтылып келген. тоолуу өлкөбүздүн экономикасын көтөрүп, токой жана жер пайдаланууда өзүнүн эмгектеги күжүрмөндүгү менен башкаларга үлгү болуп, келечекке ишенимдүү караган алтын колдуу азамат, жаратман эмгекчилерибиз жок эмес. кыргызстан токой жана жер пайдалануучуларынын ассоциациясы уюшулгандан тартып өз ишмердүүлүгүндө дайыма токой жана агро сектордогу эмгекчил, мээнеткеч, жаңыча көз карашта иш алпарам деген атуулдарыбызга колдоосун көрсөтүп келе жатат. быйылкы 2014-жыл дагы биз үчүн жаман болгон жок. катарыбызга жаңы мүчөлөр кошулду, көп иштерди чогуу чаран аткарганга жетиштик. жылды жыйынтыктап жатып “асыл жер пресс” гезитибиз аркылуу айрым эмгеги, изденүүчүлүгү менен өзгөчөлөнгөн атуулдарыбызды быйылкы “жылдын каарманы” деген номинациялар менен белгилеп коюуну ылайык көрдүк. бул кичинекей, бирок жагымдуу белегибиз сиздерге алдыдагы эмгек жолуңуздарда албан ийгиликтерге алпаруучу маяк болсун! биз ишенебиз – мындай асыл адамдар арабызда абдан көп. келиңиздер, бирге иштешели, улуу табият менен асыл жерибизди сактап, коргоп жана учурдун талабына ылайык жашаганга өтөлү. келечегибиз – жашыл экономиканы көтөрүү менен урпактарга баалуу табигый мурастарыбыз болгон токойлорубуз менен асыл жерибизди татына бойдон калтыруу! жаңырган жылда жаңы изденүү, баалуу табылгалар менен кезигели!
ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ФЕРМЕРИ

КАСЫМОВ ШАРАФИДИН – Баткен областынын Кадамжай районунун Арпа-Сай айылынын тургуну. 1956-жылы туулган. Оштогу айыл чарба техникумунун Агрономия факультетин аяктаган.Союз таркаганга чейин совхоздо питомниктерде агроном болуп иштеп жүрүп, кийин өз үлүшүн алганда үй-бүлөсү менен ар кандай жемиш дарактарынын көчөттөрүн эгип өстүрүү менен алектенет. Учурда 94 сотых жер үлүшүнүн 30 сотугунда жалаң шабдаалы багы бар, 15 сотугу алма, калган жер аянтына шабдаалы, алма жана гилас жемишинин данек уруктарын жаңы экти. Мындан тышкары питомнигинде өстүрүп даярдап койгон ижарага алган 25-30 сотых жерге олтургузганга жете турган көчөттөрү даяр турат. Продукциясын Россияга, Бишкекке сатып, жылдык кирешеси абдан жакшы. Быйылкы шабдаалысынан 4,5 тонна жемиш түшүм алып, Россиядагы алармандарына кетти. Жакындан жардамчысы анын жубайы Жаннаткан эже менен бала-чакасы.
ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ФЕРМЕРИ

ЭШКОЗУЕВ КАХАРЖАН – Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Барпы айылынын тургуну. Кесиби – инженер-зоотехник. Союз учурунда колхоз-совхоздордо иштеп жүрүп, 1996-жылы алгачкылардан болуп жеке чарбасын түптөгөн. Алгачкы иш баштаганда 10 чакты гана кара малы бар болгон болсо, бул күндө малынын саны 100гө жетти. Кахаржан малды жөн гана багып көбөйтпөстөн, анын асыл тукумдуулугун арттыруунун үстүндө изденип келет. Жеке чарбасы азыр “Бакыт” асыл тукумдуу фермердик чарбасына айланган. Сүт өндүрүп сатуу жагын да жолго коюп алган. Айыл чарбасынын мал чарба тармагына кошуп жаткан салымы үчүн 2003-жылы өлкө президентинин Ардак Грамотасына татыктуу болгон. Үй-бүлөсүнөн тышкары дагы 12 адамды иш менен камсыз кылып турат.
ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ФЕРМЕРИ

ВОЛОКИТИН АНТОН – Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Кызыл- Суу айылында жашайт. Ата мурасын улантып, жеке чарбасын чоң фермердик чарбага кеңейткен. Учурда 14 гектар жерине мөмө жемиш дарактарын өстүрөт жана бул дарактардын питомнигин кармайт. Негизги кирешесин көчөттөрдү сатуудан табат. Айылдык шартта муздаткыч жабдыгы менен мөмө жемиш продукцияларын сактоочу жайы бар.
ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ТОКОЙ ЧАРБАСЫ

КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР ТОКОЙ ЧАРБАСЫ – Жалал-Абад областынын Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр токой чарбасы – директору Анарбай уулу Элмирбек. Токой пайдалануучулар менен токой сактап, көбөйтүүдө, токойду туруктуу башкаруу менен аны туура пайдаланууда жергиликтүү эл менен жакын иштешип,мыкты өнөктөштүгүн көрсөттү.
ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ӨНӨКТӨШҮБҮЗ

Баткен областынын Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы – аким Мадумаров Акрам Камбаралиевич. Келечек жашыл экономикага деп чакырып жатканда өз эли-жеринин табиятын сактап, жакшыртып, токой жана агро сектордогу Ассоцияциянын иш аракеттерин туура кабылдап, ар убак колдоосу менен чыныгы өнөктөш болуп келүүдө.
ЖЫЛДЫН МЫКТЫ КЫЗМАТКЕРИ

ТӨРӨБЕКОВ ЗАИРБЕК ЭГЕМОВИЧ – Токой жана жер пайдалануучулар Ассоцияциясынын кызматкери, түштүк аймак боюнча координатор. Ассоцияциянын иш аракеттерин түштүк аймактагы жергиликтүү элге жайылтууда көп аракеттерди жасаган. Өзгөчө тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу технологияларын жеткирүүдө республиканын бардык аймактарында болуп, тамчылатып сугаруууну практикалык ыкмада жеткирип келүүдө.
ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ИШКЕРИ

САТЫБАЛДИЕВ АБДЫЖАЛИЛ – Ош областынын Араван районундагы “Мовий дарыя” суу пайдалануучулар Ассоциациясынын директору. Ассоциация тарабынан уюштурулган ашар ыкмасы менен каналдарды тазалоо боюнча 2013 -жылда Араван районунда Найман, Лянгар каналын жасаганга өзүнүн акчалай салымын кошкон. Ассоцияциянын мүчөсү катары жергиликтүү элдер менен активдүү иштеше билет жана ар кандай талаш-тартыш маселелерин жоюда бир топ демилгелер менен аракеттенип келет. Тепе-Коргон Айыл аймактык Кенешинин депутаты.
ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ЖАМААТЫ

«БАЙТҮГӨЛ» ЖАМААТЫ – «Байтүгөл» жамааты 2010- жылы Ысык-Көл областынын Тоң районуна караштуу Көк- Мойнок-2 айыл аймагында уюшулган. Жамаатты Көк-Мойнок -2 айылынын тургуну Абдылдаева Бактыгүл жетектейт. Жамаат түзүлгөнгө чейин эле Бактыгүл эжебиз өзүнүн өмүрлүк жары Орозалиев Талант менен биргеликте кыргыздын улуттук буюмдарын жасап, Бишкек жана Алма-Ата шаарларына алып барып сатып жүргөн. Жамаат түзүү Бактыгүл эженин демилгеси болгону менен, аны ишке ашыруу оңойго турган жок. Бактыгүл эженин талыкпаган аракетинин жана өзүнүн идеясына терең ишенгендигинин аркасында жамаат акырындык менен кичинекей ийгиликтерди жаратып отуруп, бүгүн туруктуу иштеп жатат. 2011- жылы Бактыгүл эже долбоор даярдап, ПРООН аркылуу жамаатка грант менен жүн жана кебез тытуучу станок жана кездеменин бетине сайма сайган машина (тамбур машинасын) сатып алган. Бирок,тилекке каршы жүн жана кебез тытуучу станок 3-фазадан турган токтун кубаттуулугун талап кылгандыктан жана жамааттын каражатынын жоктугуна байланыштуу станок иштебестен токтоп турган. Жамааттын мүчөлөрү сатып алган жүндү колго жууп, колго тытып, буюмдарды жасап сатып жатышты. Быйыл Бактыгүл эже кайрадан долбоор жазып, Норвегия токой тобу тарабынан 35000 сом акчалай каржылоого ээ болду. «Байтүгөл» жамаатында Көк-Мойнок-2 айылынын 10 үй-бүлөсү эмгектенет. Жамааттын мүчөлөрү панно, кийиздин бетине түшүрүлгөн сүрөттөрдү, балдардын жана чоң адамдардын жеңи жок чыптамаларын, кийизден бут кийимдерди, сумка, уюлдук телефон салгычтарды, кыз-келиндер үчүн жасалгаларды, пинеткаларды жана башка буюмдарды жасашат. Жамааттын элге кызмат көрсөтүп, айыл тургундарынын жүн жана кебездерин тытып, кыз узатуу тойлоруна сеп даярдап, ала кийиз, шырдак жана сувенирлерди жасап, аларды Казакстан, Россия мамлекеттерине сатып, жамааттын мүчөлөрүнүн жашоо деңгээлин көтөрөбүз деген максаты бар.